Айпери Кулбаева Жалыным сенде жангансыйт

Жүктөлгөн: 29-07-2013
03:10
39.98 Мб
Айпери Кулбаева "Жалыным сенде жангансыйт"
Сөзү : И.Исаковдуку
Обону : А.Алымовдуку
Ойлосом дале кетпейт түшүмдөн,
Оюнуң да жипте тизилген.
Эркелүү кээде сылайсың,
Ээмдеп да келип жүзүңдөн.

Мээримге толуп кучагым,
Мен дагы да сени кысамын.
Көрбөй бир калсам заматта,
Көрүүгө сени кусамын.

Татына жаштык өмүрдөн,
Таң нурдай жүзүң көрүнгөн.
Ташкынын сузуп алсам дейм,
Таалайлуу сүйүү көлүңдөн.

Көп сүйүү жүгүн артынып.
Көз карек сага тартылып.
Жалыным сенде жангансыйт,
Жаштык от менде бар туруп.
Комментарийлер (19)
zak81
2013-07-29 23:47:51
жакшы чыгыптыр
+3
bosmos7
2013-07-30 00:54:50
Кээ бир корунушто !Бетке боек жетпей калыптыр! Жакшы боенуш керек! Ыр сонун!
-1
Nurzada88
2013-08-06 20:15:47
bosmos7, Боенуп эмне кылат, озунун сулуулугу жетишет. Ансыз деле жылдыздуу кыз экен. сага жасалма сулуулар жагат окшойт а?
0
admin_media
2013-07-30 09:13:42
saparosu,
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
0
Aslana
2013-07-30 11:21:19
Неге эптемей клип тарта берет ушу кыз, уну го бар экен. Стилин озгортуш керек кемпирдей болуп кийине бербей кечке!
0
Marionetka
2013-07-30 14:22:48
Кемпирдей кийинет деген сын жакты, туура да ырчы болгон сон татынакай кийиниш керек...
0
Lyuza
2013-08-15 14:40:46
Marionetka, Адамды корку чупурок демекчи,башка клиптерин корсонуз бул кызды тааныбай каласыз))
0
hangug
2013-07-30 18:43:06
bul eski klip 2009 jyl
0
mayoral
2013-07-31 01:19:38
Урматтуу супер инфо,Кайсы жылкы клип экенин кошо жазсанар,.
0
Jenish_kg1
2013-07-31 08:13:30
Jakshy yr eken. Teksti jana mp3 formatyn juktop koisonuzdar jakshy bolot ele.
0
admin_media
2013-07-31 18:02:46
Jenish_kg1,
Саламатсызбы! Жүктөп жана жазып койдук)))
http://www.super.kg/media/audio/94741/
0
Jenish_kg1
2013-08-02 12:58:45
admin_media, 4oon raxmat!
0
kanukei
2013-07-31 22:03:07
Aslana,Marionetka силердики туура эмес.Кыргыз уй,кыргыз койнок кыргызча сонун ыр.Эми баарыбызда кичине кемчилик болот да.
0
Arsongseng
2013-08-01 18:47:34
силерге шортикчен чыкса жакпайт!кыргызча кийинип чыкса жакпайт!кыргыз негизи буттан чалмай которулгондун башын жерге тыкмайдан башканы билбейбиз!ушул жаман сапатан кутулсак кыргыз буттан бат эле турат эле, аттин!
+3
Nurzada88
2013-08-06 20:14:33
Arsongseng, Туура айтасын сага 100% кошулам.
0
fblf
2013-08-04 09:18:52
оозун жасалма кылып ырдаганы жаккан жок, анан уну кантет кемпирдин унуно окшош,ВОКАЛ дегенди билеби. эгерде корбой уксам 50 жаштагы аял ырдап жататго деп ойломокмун.
0
koroleva_zimy
2013-08-09 10:52:55
fblf, укулуктуу үн кандай болоорун билбейт окшойсуң! Минтип коммент жазгандан көрө укпай эле кое берсең, жактыргандар аны өз чөйрөсүнө сиңире беришет.
0
Эмил Балтагулов
2013-08-05 11:02:51
Айпери, кыргыздын кийимин кийе бер, мен чын журоктон колдойм. Кемпирлер эле кийет деген туура эмес. Азаматсын. Агайын Эмил.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан