Орозгүл Токторбаева Көз ирмем

Жүктөлгөн: 17-11-2009
04:32
70.1 Мб
Орозгүл Токторбаева "Көз ирмем"
Сөзү : Эрик Кадырбаевдики
Обону : Эрик Кадырбаевдики
Саргайып жерге түшкөн,
Жалбырак эстеттиби?
Санаадан сапырылган,
Сагыныч эңсеттиби?
Алыска сапар улап,
Учушкан каркыралар.
Биз үчүн өмүрүбүз
Кайрылып келбестигин.

Кайырма:
Шам болуп жагылсам да,
От болуп жалынсам да.
Кайрылып кайра келбес,
Ал күндөр сагынсам да.
Шам болуп жагылсам да,
От болуп жалынсам да,
Кайрылып кайра келбес.
Тагдырга таарынсам да.

Мезгилдин дабасын көр,
Ааламды магдыраткан.
Абасы салкындуу төр,
Үзүлгөн жалбырактан.
Түндөсү жымыңдаган,
Ажайып ай, жылдыздар.
Саманчы жолун улай,
Мен сага бара турган.

Кайырма:
Шам болуп жагылсам да,
От болуп жалынсам да.
Кайрылып кайра келбес,
Ал күндөр сагынсам да.
Шам болуп жагылсам да,
От болуп жалынсам да.
Кайрылып кайра келбес,
Тагдырга таарынсам да.

Күндөрүм өтүп барат,
Бул мезгил баянынан.
Бала чак арта калып,
Жаштык кез сапарынан.
Табылбас сендей мага,
Бул дүйнө алкагынан.
Сен үчүн из калтырам,
Ак сүйүү барагынан.

Кайырма:
Шам болуп жагылсам да,
От болуп жалынсам да.
Кайрылып кайра келбес,
Ал күндөр сагынсам да.
Шам болуп жагылсам да,
От болуп жалынсам да.
Кайрылып кайра келбес,
Тагдырга таарынсам да.
Комментарийлер (35)
rommel
2009-12-06 14:31:04
Бул деген классика, достор!!! Ыр дагы, клип дагы!!! Баардык курактагы адамдарга жагат.
+1
Bahtin
2010-03-23 13:15:35
супер!!!
+1
mayrash
2010-04-28 20:52:48
ыры да клипи да конечно жакшы. бирок Орозгул эжекебиз эми мындай клип тартпай калды го! 7 апрелден кийин!!!
0
Varvara
2010-11-19 07:56:34
у нее голос очень хороший а песня со смыслом иклип по моему полностью отражает смысл песни молодца хорошо постаралась
+2
Malika
2010-12-21 15:50:39
Бул Жаныш Бакиевтин экинчи аялы, апрель айында кошо качып кеткен!
0
lira
2011-01-26 05:34:16
Buga 4ein korboptyrmyn.Janysh Bakievdin ayaly dese, kelip kaldym, ugup koroyn4u dep...
0
Bermet2001
2011-02-15 03:07:31
Дагы коп ырларды кутобуз,алыста болсонуз дагы...Адамгерчилигиниз м-н назиктигинизди баалайм...Ал эми ит уро берет кербен журо берет...анча-мынча айтылган создорго конулунузду оорутпаныз...
+1
Bermet2001
2011-02-15 03:08:58
Шам болуп жагылсам да,
От болуп жалынсам да.
Кайрылып кайра келбес,
Ал күндөр сагынсам да.
Шам болуп жагылсам да,
От болуп жалынсам да.
Кайрылып кайра келбес,
Тагдырга таарынсам да.
Куткон кунунуз кайрылып келсин!!!
+2
klara
2011-06-15 13:07:18
Ушул эженин "Азыр сен алыстасын менден бирок, арадан отсо дагы канча убак элесин коз алдымдан кетпей койду. Журогумо салдын экен, салдын экен кандай тузак? Унуттум-деп озумду-озум алдап келем, а бирок чындыганда андай эмес. Элесин коз алдымдан очпос болуп, жашай берет"-деген ыры киминерде бар??? Бар болсо магабилдириниздерчи, сураныч. Супер инфо, сиздерде болсо жуктоп коюунуздарды суранат элем.
+2
klara
2011-06-22 11:36:20
Эээййй, супер инфо! Мен айткан ырды жуктоп койо аласыздарбы?! Куто берип коктоп кеттим го. Бир жообун билдирип коюнуздарчы, киргизе албасаныздар!
+2
Taalai.kg77
2012-05-20 19:49:32
баардык ырларын жуктоп койгулачы сураныч рахмат
+2
taraza
2012-10-19 18:00:33
Голос просто супер!
+2
Jaryk78
2012-12-25 22:09:36
Супер инфо жааматы сиздерден сираныч Орозгул Токторбаеванын калган ырларын клиптерин да жуктоп коюнуздарчы сураныч таланттуу эжебиздин ырларын сагындык ктрк элтр ж.б.а телеканалдар таптакыр бербер жатышат алардын максаты бештен белгилуу эмеспи .Алдын ала ыраазычылык билдиремин .
+2
admin_media
2012-12-26 09:48:20
Jaryk78,
Сунушуңузга рахмат! Аракет кылабыз.
+1
admin_media
2013-02-18 10:57:18
Jaryk78,
Сунущуңузга рахмат!
Сизге купуя кат аркылуу жооп берилди.
0
aldarkose
2013-02-24 06:31:10
...БРАВО.!!!!Аман болсун.Аябай толкунданып угам ушул ырын.Рахмат.
+1
Nynysh
2013-03-03 20:45:08
Супер инфо жамааты сиздерден отуном ушул ырдын аудиосун жуктоп берсениздер мага аябай жагат коптон бери табалбай келем. Алдынан ыраазычылык билдирем.
+1
admin_media
2013-03-04 15:11:33
Nynysh,
Сиз үчүн ырдын аудиосу))
http://www.super.kg/media/audio/84039/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан