Алтынай Нарбаева Жазым, келчи

Жүктөлгөн: 14-08-2013
03:57
51.04 Мб
Алтынай Нарбаева "Жазым, келчи"
Күндөрү өтпөй кыштын,
Сагындым жаздын жытын.
Санааркап басып жүрөм,
Сайрашын күтүп куштун.

Кайырма:
Агарган ак булуттар,
Жашоого жамгыр сунаар.
Сагындым жазым сени,
Кабар бер жаштыгымдан.
Жаштыгым кайрып берчи,
Ак сүйүүм ала келчи,
Жазым менин...

Эңседим жазым сени,
Эңседим назым сени.
Көктөмүм көрүнчү эми,
Көңүлүм үшүп кетти.

Кайырма:

Жаңы жаз бактым болчу,
Күн күлүп айым толчу.
Жанымды келээр жазым,
Жан сүйөөр жанга кошчу.

Кайырма:
Комментарийлер (12)
bakyt.anara
2013-08-14 19:56:07
Алтынай эженин ырларын укандан эч тажабайм, уну озгочо сизге чыгармачылык ийгилик
+6
chikabom
2013-08-14 20:53:08
Эжеке чыгармачылыгыныз оркундоп осо берсин!
+3
gooool
2013-08-15 13:39:48
Эже абдан сонун ырдаптырсыз,клип дагым сонун,акыркы чыгып жаткан клиптериниз озгочо болуп жатат,ишинизге ийгилик.Клиптеги кыз аябай сулуу экен,аты жону ким болот экен???...суйуп кала жаздадымго....))))
+1
Bekadyl
2013-08-15 14:24:32
gooool, Kliptegi kuzdun atu Akmaral boluw kerek Altunai Narbaevanun kuzu
0
AFRODITA-89
2013-08-16 19:17:37
gooool, озунун кызы болуш керек отконку сандардын биринде барго кызы экоо.
0
aygul1990
2013-08-15 18:56:19
жигит жакшынакай экен))))
0
Mondur
2013-08-15 19:11:20
Ыр жагат, клип да жакшы экен.
Бирок мен, а мен кышты сагындым...
+1
AFRODITA-89
2013-08-16 19:18:58
Эжекебиз кышкы шубаларынын баарын кийгенго:-)
+1
M89
2013-08-17 00:54:34
Клиптеги кыз Алтынай эженин кызы окшойт. Озуно окшошуп кетет экен. Супер клип болуптур. Алтышкам эже сизге чыгырмачылык ийгилик.
+1
luna.kg
2013-08-17 11:55:36
Алтынай эжекебиздин жакшы ырлары коп,бул ырда алардын катарын толуктап турары шексиз...
+1
gitaristka_2013
2013-08-19 16:28:24
Кыз менен бала пара болуп калат экен. Ийгилик!!!
0
KURSHAB
2013-08-28 00:34:16
клиптеги кыз Алтынай эженин кызыбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан