Керим Турапов Сары-Ой

Жүктөлгөн: 20-08-2013
02:19
35.91 Мб
Жанр: Ретро
Керим Турапов "Сары-Ой"
Сөзү : Элдики
Обону : Элдики
Сары-Ойдун салкын тоосунан,
Сагызган учат зоосунан.
Санаама алып издесем,
Кантейин, таба албай койдум ордунан.

Көк-Ойдун көркөм тоосунан,
Көгүчкөн учат зоосунан.
Көңүлгө алып издесем,
Кантейин, көрө албай койдум ордунан.

Салкындуу жерге, Сары-Ойго,
Сагызган келип конбойбу?
Зарлантып мени койгончо,
Кантейин, санаалаш болсоң болбойбу?
Комментарийлер (3)
KG_URPAGI
2013-08-21 23:42:03
Керим Турапов кыргыздын мыкты ырчыларынын бири, анын эмгектери да атактуулардын чыгармалары сыяктуу туболук жашаары чын! Мыкты чыгарма.
+4
7.patriot
2014-01-18 20:48:31
super.kg "айылга кат" деген ырын да киргизип коюнуздарчы.
0
admin_media
2014-01-20 11:39:38
7.patriot,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан