Айчүрөк Иманалиева, Алина Жетигенова, Асель Турдалиева Алга, Кыргызстан!

Жүктөлгөн: 21-08-2013
04:16
53.02 Мб
Айчүрөк Иманалиева , Алина Жетигенова , Асель Турдалиева "Алга, Кыргызстан!"
Сөзү : А.Акбаровдуку
Обону : А.Иманалиеваныкы
Намыс болуп, кош канаты
Оболоп учуп талбаган,
Жеңиштерге бирге жетип,
Ынтымак жолдон тайбаган.
Жигиттериң шумкар сымал,
Бийиктик менен дос болуп,
Даңазалуу бабалардай
Көтөргүн элдин байрагын.

Кайырма:
Кыргызстан, алга, алга!
Өркүндөй бергин алгала!
Кыргызстан, алга, алга!
Бүт дүйнө уксун жардана!

Нурдан бүткөн айым-кыздар,
Жан дилин аруу баалаган.
Нарк каадалуу байбичелер,
Ырыс кут үйдү кармаган.
Үмүт болуп жоодурайт гүл,
Көз жоосун алат айланам.
Кыргызстан бакыт үйү
Түбөлүк гүлдөп жайнаган.

Кайырма:

Теңир колдоп кыргыз жерин,
Жамандык кайгы баспасын.
Кыргыз көчүн улуу жолго
Даанышман Чыңгыз баштасын.
Урпактарга мурас болсун
Ажайып Манас дастаны.
Касиеттүү кыргыз жерим
Чалкыган бийик асманым.

Кайырма:
Комментарийлер (107)
rs7777777
2013-08-30 13:45:49
обону созуно жарашкан эмес патриот обон эмес мага жаккан жок
-1
yalla
2013-08-31 12:58:56
журокту козгогон укмуштай ыр экен. А жерибиздин кооздугучу. Эжекелерибизге соз жок. Азаматтар!!! Обону созу тартылганы абдан сонун болуртур. ырга семиз семииииз БЕШ.
0
BURUL29
2013-09-06 15:59:33
Теплоходун атын Елена эмес Кыргызстан деп жазып койсо мындан да сонун болмок экен
0
karalai
2013-09-06 23:08:12
Еленаны койгулачы Айчурок Алина Асель турганда. деги эле бир нерсе таппай турасынар. пароходторду ушул эжекелер чыгарыптырбы. Клип сонун 100 балл.
0
arishka
2013-09-07 01:48:51
Эх кандай сонун дагы бир жолу кордум.
0
sale-81
2013-09-07 10:17:47
абдан жакшы клип болуптур.. силерге ийгилик
0
Emine
2013-09-09 14:23:30
Клип аябай сонун болуптур мына ушуну айтса болот кырзыздын патриот кыздары деп. Анан бир нерсе айткым келет да жанагы ЕЛЕНА деген жазуунун устунон бастырып туруп временно Кыргызстан деп жазып алсаныздар катып кетмек да. Рахмат аман болунуздар.
0
chychkan
2013-09-09 22:56:56
Менин суйукту ырчым Айчурок Иманалиеваны Казакстандан коп жолу коргом. Ырларды озу жазганын билбептирмин , бул ырды угуп дагы ото сыйлап калдым. Духту которот экен. Он жолу уктумго дейм. Мыкты ыр, мыкты клип, мыкты ырчылар. Алга Кыргызстандыктар!!!!
0
bulochka
2013-09-11 10:08:45
Патриотическая песня. получилась высший класс. люблю свой Кыргызстан. Love you Иманалиеву!
0
dota
2013-09-11 14:52:06
Вы суупер! Кыргыздын эн сыймыктанган ырчылары! Азаматсынар. айчурок эже мурдале ушинтсе болмок озу ырдабай!
0
koroshev
2013-09-11 17:32:00
Айчурок апчемдин уну Мыскал эженин унуно окшоштурам. Кыргыздын колорити бар.Клип жакшы тартылыптыр. Эн мыкты ыр. Азаматтар!!!
0
vera23
2013-10-05 01:29:01
Ыр аябай сонун чыгыптыр клип просто суппер!сиздерге ийгилик
0
cholpon83
2013-10-07 19:33:02
sooonun boluptur,koynoktoru dagi super eken!!!
0
rozka
2013-10-12 21:33:04
Соонун тартылыптыр соз жок ыры дагы сонун кийимдери...Айчурок.Алина.Асель достугунуздар дагы туболуктуу болсун
0
aibek93
2014-05-20 12:37:28
Ай кандай сонун. Патриоттук сезимди ойгототурган ыр. Браво.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан