Айпери Кулбаева Ак булуттар

Жүктөлгөн: 28-08-2013
05:45
64.46 Мб
Айпери Кулбаева "Ак булуттар"
Сөзү : О.Султановдуку
Обону : А.Керимбаевдики
Кайчы өткөн тагдыр менен жолго чыгып,
Силерди, ак булуттар, жолдош кылып.
Мен келип алтын кумдуу көл жээгине,
Отурам эскерүүдөн ичтен сызып.

Сезгендей айрыларды коркор элем.
Алтын кум, сен баарына орток элең.
Өчөшүп бизди өксүткөн жаңылууга,
Өмүрдүн өрүн көздөй жалгыз келем.

Кайгынын каран түнүн жарык кылар,
Каралдым, жашоодо көп жакшылык бар.
Сен азыр эмнени ойлоп турдуң экен,
Айдалып баратканда ак булуттар.

Көл жээги, касиеттүү көлдүн жээги,
Көрбөдүң, өткөрбөдүң эмнелерди?
Адашып сүйгөнүмдөн келдим сага,
Сүйүүмдү айла кылып кайрып берчи.
Комментарийлер (12)
Rinatik94
2013-08-28 18:12:17
Ортодон жогору.
0
capslock
2013-08-28 18:15:45
Унунузго береке укмушго чиркин! Азматсыз!
0
KG_URPAGI
2013-08-29 01:17:52
Айпери чындыкты айтуу керек! Унун уккулуктуу, Ала-Тоонун дабышындай мукамдуу жана тунуктугу суктантат! Актердук милдетти аркалаган жаштардын кийимдери эски убактагы ата-энелерибиздин жаштык курактарын эмес заманбап кийинген жаштардын образын берип калыптыр. Чач жасалгасынбы же оздук жаны образдарды ойлоп табуусу керектиги байкалат, албетте салттуу ырларды коп ырдаган сон ошол багытта иштоосу керек. Ото жакты, сизге ийгилик каалаймын!
0
zamir.87
2013-08-29 19:44:43
Жакшы ыр экен
0
zamir.87
2013-08-29 19:47:26
Super.kg сиздерден сураныч кутман султановдун кадырын билер менмин деген ырын клипи менен жуктоп коюнуздарчы алдын ала рахмат
0
admin_media
2013-08-30 10:55:59
zamir.87,
Саламатсызбы!
Аудиосу:
http://www.super.kg/media/useraudio/97089/
Клип:
http://www.super.kg/media/uservideo/97091/
0
zamir.87
2013-08-30 14:55:14
Саламатсызбы super.kg ага деле макул жуктоп коюнуздарчы сураныч башка сайттардан таба албадым алдын ала рахмат
0
admin_media
2013-08-30 15:10:55
zamir.87,
Жогоруда шилтемелер менен кирип угуп, көрсөңүз болот)))
0
TolonturCN
2013-11-08 17:57:38
Назира Токонова-Мезгил учат килибиндеги кыз-жигиттин сүйүүсүн баяндаган кадырлар менен жогорудагы бул клиптин кадырлары окшош экен го? бир студия тартканбы экөөнү тең?
0
ayazbek0791
2013-11-27 11:45:20
админ саламатсынарбы, ушул ырдын аудиосун жуктоп коёсунарбы? Алдын ала рахмат!
0
ayazbek0791
2013-11-27 11:47:31
а болду бар экен кечиресинер
0
Begay.00.kg
2015-04-17 20:46:39
бул ырдын текстин кайдан тапсам болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан