Кубик Калыков, Айпери Кубик кызы Насаат ыры

Жүктөлгөн: 29-08-2013
03:59
41.88 Мб
Кубик Калыков , Айпери Кубик кызы "Насаат ыры"
Жакшына болсоң жашыңдан,
Жакшылык кетпейт башыңдан.
Жактырган сенин жүрөгүң,
Жарың бир кетпейт кашыңдан.
Сүйкүмдүү болсоң жашыңдан,
Сулуулук кетпейт башыңдан.
Сүрөттөй сени тиктеген,
Сүйгөнүң кетпейт кашыңдан.
Эстүү кыз болсоң жашыңдан,
Эрке кыз болбо башыңдан.
Энекең айткан сөздөрдү,
Эсиңе туткун абыдан.

Жайында сууну бойлосом,
Жайнаган гүлдөй чоңойсом.
Жактырып мага сөз айткан,
Жакшына жарга тең болсом.
Сары-Өзөн, Чүйдү бойлосом,
Саймалуу таштай чоңойсом.
Санаага мени салбагын,
Сагынган жарга тең болсом.
Эркетай болгон,ии,ий, кезимде,
Энекем айткан кичимде.
Эсиң бир менен бол деген,
Эстүү бир сөзү эсимде.
Ыймандуу болсоң башыңдан,
Береке кетпейт башыңдан.
Ынтымак болсо үйүңдө,
Ырыскы качпайт башыңдан.
Ийкемдүү болсоң жашыңдан,
Ийгилик кетпейт башыңдан.
Ийнелек болгон жигиттер,
Иилинип кетпейт кашыңдан.
Кыйын кыз болсо жашыңдан,
Кайсар кыз болбо башыңдан.
Карап бир койсо атакең,
Кабагын байка абыдан.

Ыссык-Көл суусун бойлосом,
Ырыстуу болуп чоңойсом.
Ырылдап күндө урушпай,
Ыймандуу жарга тең болсом.
Ичке бир сууну бойлосом,
Эки элүү болуп чоңойсом
Ичкилип ичип мас болбой,
Ичпеген жарга тең болсом.
Кызгалдай,ии, ий, кезимде,
Кайтарган атам кичимде.
Караңгы түндө жүрбө деп,
Кайталап айткан эсимде.

Билимдүү болсоң жашыңдан,
Бийиктик кетпейт башыңдан.
Биримдик дайым болсо деп,
Бир тууган кетпейт кашыңдан.
Акылдуу болсоң жашыңдан,
Акылчач кетпейт башыңдан.
Ар- намыс үчүн күрөшкөн,
Ата-эне кетпейт кашыдан.
Сулуу кыз болсоң жашыңдан,
Улууну сыйла башыңдан.
Сиз деген сөздү унутпай,
Сылык бол кызым баарынан.

Балкыган сууну бойлосом,
Бактылуу болуп чоңойсом.
Баркыңды билип сыйлаган,
Бар болгон жарга тең болсом.
Аккан бир сууну бойлосом.
Ай болуп күндө чоңойсом,
Ата-энемди сыйлаган,
Акылдуу жарга тең болсом.
Кыргыздын күүсүн ойносом,
Кымызын ичип чоңойсом
Кызындай көрүп сыйлаган
Кайын бир журтка туш болсом

Ырчы кыз болсоң жашыңдан
Ырчыны сыйла башынан
Ырдаган жерде дайыма,
Ыймадуу болгун баарынан
Комментарийлер (64)
ss90
2013-09-03 13:52:49
ар бир ата - эне менен кызынын тилеги!жогорудагы ырда, ырдалгандай жарды АЛЛАХым ар бирибизге насип кылган болсун!!!амиинь!
+1
ayaza
2013-09-03 15:22:54
Айылга турмушка чыксан болот,чын эле жакшы келин болот болушун керек,айылдын турмушун да кор да.
+1
masr88aza
2013-09-03 17:37:30
Айпериге жоолук сонун жарашат экен. Красавица.
0
Ananaika312
2013-09-03 20:41:03
Aiperi milashka)) yr jakwy boluptur
0
nasesha28
2013-09-04 00:37:00
Мага да аябай жакты,тарбиялык мааниси жакшы болуптур.Башка кыздарга сабак болгудай.Азаматсынар!
0
Adilet7717
2013-09-04 10:37:56
+1000 Соонун
0
tyncha1991
2013-09-04 19:45:12
ен мыкты болуптур бул клип ен кыргыздын улуттук кийимдери жакшы корунот негизи ийгилик силерге
0
oenbek
2013-09-08 11:20:07
ушунун эмнеси жакты экен тообо
0
yalegenda
2013-09-15 22:48:37
Айпери тилегине ниетине жет кудай буйруп
+1
SuLuWkA
2013-09-20 00:00:15
Эн соонун соз жок Айпери озу тартиптуу экени билинип турат. Тилегине жет
+1
belosnejka1
2013-11-01 05:00:34
Жактыы!
0
kojojaw
2013-11-04 08:15:47
sonun boluptur klipp bolgonu jawyl jolugu jarawpai kalyptyr
0
Gulaz
2013-11-14 13:36:31
Сонун клип болуптур. Ата-балага чоң-чоң ийгиликтерди каалайм.
0
aigulai
2014-06-05 17:20:17
Чын журоктон бакыт каалайм сага Айпери
0
depu
2014-06-11 16:13:43
Oto sonun klip,tarbiyalyk maanisi kop. Aiperi ozu yrdagandai kelin bolsun.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан