Бегимай Бекбоева Сүйүү санаты

Жүктөлгөн: 04-09-2013
04:55
47.44 Мб
Жанр: Поп
Бегимай Бекбоева "Сүйүү санаты"
Кайырма:
Жаз келгенде дайра ташып жаңырып,
Жер жамалы жашылданат, көгөрөт.
Жыгачтардын бүчүрлөрү жарылып,
Жибек канат жалбырактар төрөлөт.
Күн күркүрөйт, чагылгандар чартылдайт,
Карагайлар чатырлантат канатын.
Көз алдымда көк да, жер да жаркылдайт,
Кел ошондо, ырдайм сүйүү санатын.

Сүйүү дебе, карай берем жалдырап,
Себеби бар жалдыроонун сыр каткан.
Жүрөккө окшоп турса дагы жалбырак,
Жүрөк эмес, эки ашыкты ырдаткан,
Эки ашыкты ырдаткан.

Кайырма:

Сүйүү дебе, карай берсе жалооруп,
Себеби бар жалооруунун чынында, чынында.
Жүрсө мейли бир кубанып, миң ооруп,
Өмүр сүргөн күндө жазган ырымда.

Кайырма:

Комментарийлер (8)
Doka
2013-09-04 12:35:47
Менин жакшы коргон ырым.
+1
Rinatik94
2013-09-04 16:52:22
Ушул да ырбы? Клипти көрсө болот.
0
Temirbekov.a
2013-09-04 17:40:37
Жакшы укса болот! Кыргыз ырчылары алга!!
0
tokmok1
2013-09-04 19:44:31
текст сураныч срочно
0
nurel50
2013-09-05 00:03:49
Г.Асанова обушуп эле журо берет экен да
-1
upol92
2013-09-05 03:18:41
Киносу соонун. Бала менин бир суйгонумо окшоп кетет. Башта киносун коруп баланы суйуп калгам.
Ыр жакшы
0
nuishka
2013-09-05 03:49:58
эх кыргыз элим сынагандан ээн эле биринчи оорунда турабызда...........ыр сонун голосу да ырына туура келген
-1
ayaza
2013-09-05 13:59:49
Жакшы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан