Эмил Балтагулов Издейм сени (С.А.В)

Жүктөлгөн: 09-09-2013
05:02
51.75 Мб
Эмил Балтагулов "Издейм сени (С.А.В)"
Сөзү : Жеңишбек Жумакадырдыкы
Обону : Эмил Балтагуловдуку
Жааган кардын түрлөрүнөн,
Бакчалардын гүлдөрүнөн,
Ашыктардын жүрөгүнөн,
Издей берем сени, Мухаммед.
Айдын, күндүн нур өңүнөн,
Асылдардын тилегинен,
Акыйкаттын мүрөгүнөн,
Издей берем сени, Мухаммед.

Издейм сени жааган кардын түрлөрүнөн,
Издейм сени ашыктардын жүрөгүнөн.
Салам айтам сага, Мухаммед.

Көпөлөктүн учушунан,
Көңүлдөрдүн чокусунан,
Деңиздердин толкунунан,
Издеп келем сени, Мухаммед.
Акыл-ойдун тазасынан,
Ааламдардын башатынан,
Аталардын батасынан,
Издей берем сени, Мухаммед.

Издейм сени ааламдардын башатынан
Издейм сени аталардын батасынан.
Салам айтам сага, Мухаммед.

Сүйүүлөрдүн желегинен,
Момундардын белегинен,
Зикирлердин тереңинен,
Издеп келем сени, Мухаммед.

Улуулуктун данегинен,
Урмат-сыйдын дарегинен.
Үмөттөрдүн карегинен,
Издей берем сени, Мухаммед.

Издейм сени сүйүүлөрдүн желегинен,
Издейм сени зикирлердин тереңинен,
Издейм сени жааган кардын түрлөрүнөн,
Издейм сени, сени ашыктардын жүрөгүнөн,
Издей берем сени, Мухаммед.
Комментарийлер (24)
arzuu1
2013-09-10 20:18:37
соз жок ырга.Баарыбызга пайгамбарыбыз С.А.В менен кыямат куну жолугушуп жузун коруну насип этсин!
+3
zamko
2013-09-11 04:44:54
Allah razy bolsun!!! Muhammed (SAV) salavat bolsun!!!♥♥♥♥♥
+2
Jamalym
2013-09-11 09:07:27
Эмил ыйман ырларын келиштире ырдайт,озуно да жарашат.Ыйман ырларын кобойто бер жана да чыгармачылык ийгилик!
+3
maks88
2013-09-11 21:00:07
Стамбулдагы Султан Ахмет мечитине видеокамера менен киргизбейт, ошон учун ал жерди чала-бучук тартканга улгургон окшойт, клип любительский экендиги корунуп турат.
0
Эмил Балтагулов
2013-09-12 12:42:01
maks88, аппарат любительский деле эмес, canon 5d mark 3. Болгону операторубуз барбай калып озум тарттым. Чын эле тарттырбай жатты. Жашынып атып ошончо кадр гана алдым.
0
Эмил Балтагулов
2013-09-12 12:50:05
Супер кg жамааты, клиптин аягында созу Женишбек Жумакадырдыкы деп турат, тексттин башына кошуп койсонуздар сураныч.
0
aziza.jusupova
2013-09-12 19:21:33
MawaAllah Alla yrazy bolsun abdan jakwy chygyptyr.
+1
jora.kg
2013-09-13 02:55:45
Аллах раазы болсун, ийгилик!
+1
sneg88
2013-09-13 21:42:19
канча уксан да тажабайсын эн сонун ыр. Унунузго береке Эмил чын эле ыйман ырларын келиштире ырдайсыз.Кандай гана керемет создорду камтыган ар бир чыныгы мусулмандын журогунон терен орун алчу ыр
+1
Nurik2
2013-09-14 02:12:21
МашАллах
+1
Fernando
2013-11-24 14:23:30
dene titireitkooo Rahmat
+1
Fernando
2013-11-24 14:29:58
kozumo jash kelip ketti....
+1
Fernando
2013-11-24 14:31:55
5 maal Namaz okuim Kudai buirusa....
+1
Beise
2013-12-29 23:31:39
кудай деген кул олбойт
+1
betatek-2011
2014-04-29 00:50:46
Sonun boluptur InwaAllah
+1
Эмил Балтагулов
2016-07-21 00:35:13
Рахмат, жылуу соз жан эргитет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан