Канымжан Жаманбаева Кечирип кой

Жүктөлгөн: 10-09-2013
05:01
49.5 Мб
Жанр: Ретро
Канымжан Жаманбаева "Кечирип кой"
Сөзү : Т.Пирматовдуку
Обону : Т.Пирматовдуку
Кечирип кой, сезимиңде ойнодум.
Сүйүп калып чачырады ойлорум.
Канча жолу унутайын десем да,
Сүйүүм күчөп жүрөгүмдү козгоду.

Кайырма:
Кечирип кой, кечирип кой, садагам,
Кечигиппиз, сүйүү жанбас кайрадан.
Кечирип кой, кечирип кой суранам,
Жолукканда байкабастан,
Жолукканда байкабастан.

Сагынычта өтөр менин өмүрүм,
Сенде калды менин өчпөс көңүлүм.
Сен да мени сагынарсың эскерип,
Садагасы, койчу мени кечирип.

Кайырма:

Дайыны жок мен өзүңдү сагынам,
Издеп келем элесиңе зарыгып.
Дайым бирге болобуз деп самагам,
Ишеничтүү күндөр келбес кайрадан.

Кайырма:
Комментарийлер (15)
patriottkg1
2013-09-10 13:48:37
оо ушу эжешканын уну аябай жагат жакшы ырдайт азаматсыз
+3
Aitowka2013
2013-09-10 14:17:39
аябай талантуу эже эле эч корунбой кетти да((((((
0
Huntress
2013-09-10 15:19:46
Мен да жакшы кором голосу сонун и жакшы уккулуктуу ырларды ырдайт
0
malik
2013-09-11 09:10:59
Chereographia oto nachar chygyptyr.
+1
KG-edilbek
2013-09-11 11:39:30
Эн сонун ыр Мага жагат
0
sale-81
2013-09-12 10:38:11
мага таакыр жакпайт бул ырчы хоть убей
0
anara-anara
2013-09-12 10:40:17
Уну аябай сонун ушул ыры эч качан популярдуулугун жонотбой келет алга алга канымжан эже
0
kubaA
2013-09-13 00:25:23
менин кошуна эжем.абдан таланттуу эже.
0
jenishabdull
2013-09-14 14:38:07
мага да абдан жагат...бойдокпу же семясы барбы ??????
0
karo
2013-09-29 01:16:02
Ностальгия)
0
rnurzida
2013-09-29 09:59:15
Аябай таланттуу айым. Ушул ырчы жонундо жазсаныздар Супер инфо. Азыр кайда? Эмнеге сахнадан корунбой кетти дегендей
0
admin_media
2013-09-30 10:06:29
rnurzida,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап койдук.
0
neizvet
2013-12-30 19:17:08
bul yr4y aiym maga da a9bai jagat,unu a9bai ukkuluktuu. 4ygarma4ylyk iwinizge iigilik!
0
Mekenim_Mederim
2014-01-09 02:33:21
Сонун ыр,бирок буга мазмуундуу клип тартыш керек болчу да
0
turaliev
2015-10-17 04:08:47
Ойлонсонор жолдошу министр болсо ырдап не керек а жолдошу болсо Бек Борбиевдин акеси Болотбек Борбиев да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан