Дилбар Райымбекова Эсен бол

Жүктөлгөн: 12-09-2013
01:56
24.73 Мб
Жанр: Ретро
Дилбар Райымбекова "Эсен бол"
Сөзү : Ж.Шералиевдики
Обону : Ж.Шералиевдики
Көркөмүң көздү талдырган,
Көгүчкөн сенсиң ойлосом.
Көктөн бир сызып качырган,
Көк шумкар болуп койбосом.
Көңүлдө толуп кир калат,
Көрүшпөйбүз дегенсип, дегенсип,
Күдөрүм үзүп койбосоң.

Жактырса бир күн түшөр деп,
Жашылдан жибек жайдым тор.
Жаштыктын сырын билер деп,
Жактырып сизге сундум кол.
Жалындаган жүрөктү,
Жаа менен тоссоң өзүң бил, өзүң бил,
Жароокер жигит, эсен бол.

Акыры бир күн түшөр деп,
Ак жибектен жайдым тор.
Албырган жүрөк сүйүүсүн,
Алар деп эстеп сундум кол.
Айтсаңчы ачык жообуңду,
Албасаң колум тартайын, тартайын.
Айтылуу жигит, эсен бол!
Комментарийлер (1)
Rinatik94
2013-09-18 23:02:07
Суупееер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан