Кыргызбай Осмонов Баркымды билгендердин эсиндемин

Жүктөлгөн: 23-09-2013
03:52
48.59 Мб
Кыргызбай Осмонов "Баркымды билгендердин эсиндемин"
Клипте Кыргызбай Осмоновдун архивиндеги театрда аткарган ролдорунан үзүндүлөр алынган.
Сөзү : А.Бегимкулованыкы
Обону : Ж.Кочкоровдуку
Толгонуп толкундаба, сезимдерим,
Тагдырга башымды ийген кезим менин.
Таалайсыз махабаттан өксүбөгөн,
Талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин.

Буркурап боздой бербе, сезимдерим,
Базардан кайтып калган кезим менин.
Бааласын-баалабасын башка бирөө,
Баркымды билгендердин эсиндемин.

Кайгырып, капаланба, сезимдерим,
Карайлап жүдөп турган кезим менин.
Кааласын-каалабасын башка бирөө,
Кадырым билгендердин эсиндемин.

Сыйласын-сыйлабасын башка бирөө,
Ырымды билгендердин,
Сырымды билгендердин эсиндемин
Баркымды билгендердин эсиндемин.
Комментарийлер (14)
jyzka87
2013-09-24 07:01:28
Сураныч ушул ырдын созун жазып
койгулачы.
+1
тоолук кыргыз
2013-09-24 09:41:56
ушул ырдын аудио версиясын жуктоп койгулачы отунуч...
-1
admin_media
2013-09-24 10:31:10
тоолук кыргыз,
Жүктөп койдук)
http://www.super.kg/media/audio/98901
0
тоолук кыргыз
2013-09-24 10:41:03
admin_media, )Рахмат!
0
KG-edilbek
2013-09-24 18:27:01
Клип ен жакшы тартылган өзгөчө стил Бул байке чыкпай калды элего ушинтип иштеп турса болот экен го эң жакшы
0
Narynbek
2013-09-24 19:44:48
Абдан сонун ыр!
0
jyzka87
2013-09-24 21:26:37
Рахмат.
0
FERA
2013-09-25 11:44:58
Сонун ыр экен
0
Tattygul
2013-09-25 16:48:28
сонун ыр, мага абдан жагат, ушундай маанилуу ырлар коп болсо сонун болмок.
0
Agusha
2013-09-26 02:41:21
мен таланттуу адамдарды эч качан унутбайм дайым эсимде
+1
marat0989
2013-10-02 01:37:47
жакшы, эн жакшы !!!
0
abas
2014-02-15 14:58:57
kyrgyzbai osmonov iiiz kaltyr bul duinodo yryn jazyp koigulashy
0
adievich83
2014-08-23 10:29:34
Урматтуу администрация Кыргызбай Осмоновдун аткаруусундагы "Из калтыр бул дуйнодо" деген ырды жуктоп коюнуздарчы сураныч! Алдын ала ырахмат!
0
admin_superstan
2014-08-23 11:29:22
adievich83, Саламатсызбы!
Аракет кылабыз. Азырынча биздин порталда төмөнкү аткаруучулардыкы бар:
http://www.super.kg/media/?search_term=из+калтыр&search_author=0&media_search=1&x=0&y=0
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан