Өсөр Козуев Жактырдым

Жүктөлгөн: 24-09-2013
03:06
43.28 Мб
Өсөр Козуев "Жактырдым"
Сөзү : Максат Базарбаевдики
Обону : Ө.Козуевдики
Жаздым сени сыртыңдан билгенимди,
Жылмайынкы жайдары күлгөнүңдү.
Жактырдым мен айрыкча ошол күнү
Жарашыктуу ак көйнөк кийгениңди.
Жактырдым мен айрыкча ошол күнү
Жарашыктуу ак көйнөк кийгениңди.

Көргүм келет карагат көздөрүңдү,
Ак куу сымал койкоюп жүргөнүңдү.
Ак кептерим аны сен сездиң бекен
Ашык болуп артыңдан жүргөнүмдү
Ак кептерим аны сен туйдуң бекен
Ашык болуп артыңдан жүргөнүмдү

Жаздым сенин күн сымал тийгениңди,
Жигиттерди сүйдүрүп ийгениңди
Кызганамын алтыным башкалардан,
Билесиңби жүрөктөн сүйгөнүмдү.
Кызганамын алтыным бөлөктөрдөн
Билесиңби жүрөктөн сүйгөнүмдү.

Кызганамын алтыным башкалардан,
Билесиңби жүрөктөн сүйөрүмдү.
Кызганамын алтыным бөлөктөрдөн
Билесиңби жүрөктөн сүйгөнүмдү.
Билесиңби жүрөктөн сүйөрүмдү.
Комментарийлер (1)
Rinatik94
2013-09-24 15:47:36
Жакшы ыр,жакшы клип.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан