Добр, Назира Токонова Жашоо бир келет

Жүктөлгөн: 25-09-2013
04:14
45.43 Мб
Добр , Назира Токонова "Жашоо бир келет"
Сөзү : Добрдуку
Обону : Добрдуку
Жаштык кезге жан тартып, жүрөгүмдөн карып,
Көлөкөмдөн көрөм кээде күнөөмдүн баарын.
Көкөлөттүң көккө, бөпөлөтө багып,
Кыйшайганда түзөп, уу жыландай чагып.
Алга кадам таштагансып жаңы,
Ар бир адам терең ойлонуусу зарыл.
Таштаарында багыт, аркалаган бакыт,
Тап берсең кайра, кутурган иттей кабып.
Өмүр өтөт, кайрылып келбейт дагы,
Таяк, жөлөк сага боло алышпайт баары.
Жараланган жүрөк таппай келет түнөк,
Ар бир адам жутса өлбөс суусун, мүрөк.
Кайылмын баарына, кайдигер арыма,
Коркомун калыштан Кудайдын каарына.
Жүрөгүмө кек сактабайм, өкүнбөймүн,
Кудайыма шүгүр, берген үчүн өмүр.

Кайырма:
Жашоо бир келет, жаңылбай жашоо керек,
Жарык дүнүйө Кудайдан берген белек.
Жашоо бир келет, бул жашоо сыноо, элек,
Жарык дүнүйө Кудайдан берген белек.

Жашоо гана бир келет, ар бир күнүң белек,
Жашоого сен эмес, жашоо сага керек.
Тиле өмүр, ден соолук, аны Кудай берет,
Келечегиң болсо, эртеңки күн келет.
Алгач ирет Кудайдан тиле ыйман,
Азыр бул заманда кыйын болуу адам.
Жаса кадам, алдыга ташта максат,
Бекер отурбастан, аракет кыл, башта.
Жашоо такыр бөлөк, андан күтпө көмөк,
Жаратканым гана сага болот жөлөк.
Күйүмдүүлөр ата-энең, бир үй-бүлөң,
Алардан ал бата, сый-урматка бөлө.
Жүрөгүңдөн, күмөн санаба өзүңдөн,
Өткөнгө өкүнбө, ал дагы күн өтөр.
Алгач адам бол жөнөкөй, анан
Көкүрөктө калган эгер болсо ыйман.

Кайырма:

Өмүр деген - узун дайра,
Артты көздөй ал акпайт кайра.
Жаштыгың ал ошол дайра сымал,
Канчалык өкүнбө кайрылбайт ал.
Убакыт бул - учкан куштай,
Учурунда карма колго уучтай.
Тагдырга таарынба, ал кээде сынайт,
Ак ийилет, бирок такыр сынбайт.
Багыттайт жүрөгүң туура жолго,
Эң башкысы, сен аны жоготпо.
Адашпа жолуңдан, ыйманыңдан,
Сак боло жүр андан айрылуудан.
Бул өмүрүңдө эч бирөөгө,
Эч качан эч сын тага көрбө.
Жаңылбаган эч бир адам
Болгон эмес, жаса алга кадам!

Кайырма:
Комментарийлер (82)
Muratti3003
2013-12-08 00:48:43
суппер клип да ыр да
+4
momi
2013-12-10 00:09:43
ииий байкуштар мындан да катуу кыйналган адамдар барда мына азыр да биз жылуу жумшак отурган мезгилде башка жерде башкалар уйу жок барары жок же ичери жок жургондор барда оо кудай абдан ыйлагым келим кетти
-1
suiunbai_kg
2013-12-12 08:40:39
4unduka kelgende urdun manisi aiabai jaktu dobr alga
alga uwundai urlardu 4ugar
+3
admin_media
2013-12-12 09:36:05
suiunbai_kg,
Ушул сайтка курамы окшош сайттарды жарнама кылууга жана шилтеме калтырууга тыюу салынат!
3 күн банга!
-1
PRO-100-BEKA
2013-12-14 19:09:30
москвага качан койуп келет екен
0
JANDIL
2013-12-16 02:57:39
Бул ырдын созу эле добрдуку болбосо! А атак минусун англичанин АЛроунда деген бала чыгырган
-4
miniusha
2013-12-24 17:17:13
сонун ыр,аябай жакты, ошондо баарыле почти что кайырма болуп калган го ээ?
0
meka_a.k
2014-01-09 00:23:35
супер пупер
+2
ms.byityk
2014-01-18 16:51:16
Ыры жакты , бирок саунтрек жакпай калды кайгылуу экен ((
+2
Mister.Erik
2014-01-21 01:45:59
жакшы ырдашкан Добр азаматсын ийгилик сага ал эми Назира эжебиздин унундо соз жок негизинен алып караганда тушунуктуу, манилуу тарбиялык жагынан да тушунуп укса болот
+2
admin_media
2014-04-18 09:30:39
Mister.Erik,
Саламатсызбы! Мүмкүнчүлүк болгондо жүктөп коюуга аракет кылабыз. Сунушуңузга рахмат!
0
FlowersGuli
2014-10-22 11:21:08
соонун ыр.клип кен.
0
tarikos88
2014-12-14 00:04:05
жакшы клип)))))))
-1
asel.bahtierova
2014-12-27 13:14:44
Аябай жакшы ыр болуптур. Чыныгы мигранттардын жашоосу тартылган кино. Аят 3 жакшы тартылган азаматсынар 5+.
-1
eldar87
2015-04-17 00:01:33
мынча сонун Назиранын уну
-1
Harison58
2023-01-05 15:09:00
Мага ыр таптакыр жаккан жок. Обонун орус ырчыдан алыныптыр. Угасынарбы мына https://youtu.be/W8NOQShivlg аябай жакшы ыр.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан