Сөзү : Ибрагим Жунусовдуку
Обону : Ибрагим Жунусовдуку
Бешенеме бүтпөгөнүм жүрөгүмө бүтүп калыпсың,
Күлкүңдү эстеп күндө сенин.
Алигиче таңдайымдан,
Даамы кетпейт кызыл алманын.
Алма, алма, кызыл алма.
Жегин деп сен берсем сага,
Тең болсун жеп экөөбүзгө,
Бөлүп койдуң эки кесим алманы сен.
Алма, алма, кызыл алма,
Тең бөлүндү мага, сага.
Чылап ширин жылмаюуңдан,
Бердиң анын жартысын мага.
Насибиңди бөлүшкөнгө,
Турду ичимден мээрим төгүлүп.
Билбептирбиз анда экөөбүз,
Көп өтпөстөн жарты алмадай,
Кааларыбыз эки бөлүнүп.
Кайырма:
Алма, алма, кызыл алма,
Тең бөлүндү мага, сага.
Чылап ширин жылмаюуңдан,
Бердиң анын жартысын мага.
Бешенеңе түтпөгөнмүн,
Жүрөгүңө бүтүп калгамын.
Унута албай сен да мени,
Көп эстерсиң, сагынарсың,
Көргөн сайын бүтүн алманы.
Кайырма:
Алма, алма, кызыл алма,
Тең бөлүндү мага, сага.
Чылап ширин жылмаюуңдан,
Бердиң анын жартысын мага.