Сенсиң менин торгоюм,
Суук көздөн коргоюн.
Ашык болдум жалындап,
Калпы болсо оңбоюн.
Сенсиң менин торгоюм,
Гүлдөй болуп соолбоюн.
Ысыгыңа жылытчы,
Суугуңа тоңбоюн.
Сенсиң менин торгоюм,
Күндөп-түндөп ойлоюн.
Ишенип кой сөзүмө,
Калпы болсо оңбоюн.
Менин ырчы торгоюм,
Жолугууну болжоюн.
Алтынчы күн кадыр түн,
Карап күтөм жол боюн.
Сен торгоюм сүйгөнүм,
Арнап өмүр гүлдөрүн.
Бир басалы гүлбакта,
Тыңшап торгой үндөрүн.
Ырахат го жаш кезде,
Күлүп-ойноп жүргөнүң.
Саймалайлы жылдыздай,
Жашообуздун түндөрүн.
Жалын болуп чаркылда,
Чагылгандай чартылда.
Көл үстүндө ойногон,
Ак булуттай калкылда,
Канат күүлөп күү чалып,
Ойноп-күлүп жаркылда,
Кадырлашып өтөлү,
Көңүлгө кир калтырба.
Көңүл куруп күү чалып,
Күлүп-бийлеп үн салып.
Менин сүйгөн торгоюм,
Эмгек жолун бир чалып.
Айыл ичин гүлдөтүп,
Обон созуп ырдашып.
Жаркылдаган жаштык кез,
Кете электе кырды ашып.
Өмүр суусун кечели,
Жабык сырды чечели.
Ак таң болуп нурданып,
Аппак гүлдү терели.
Ак нан болсо ыр болот,
Сүйүп дайым жешели.
Ден соолукта каткырып,
Соо жүрөлү дешели.