Кытайдын "Чанъэ-4" станциясы Айдын Түштүк уюлуна ийгиликтүү конду. Бул айдын арткы бетине жеткен алгачкы космостук аппарат болуп калды. Аталган маалыматты Кытайдын мамлекеттик телеканалдары көрсөткөнүн чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, аталган аппарат 2018-жылдын 7-декабрында учурулган жана анын ичине айда жүрө алуучу унаа (луноход) жайгаштырылган.
"Чанъэ-4" Айдын Түштүк уюлунда жайгашкан "Карман" кратерин изилдейт. Бул Айдагы эң ири жана байыркы объект болуп саналат. Ал аймакка АКШ менен Орусия 1990-жылдары эле ракета учурууга аракет жасаган, бирок Кытай бул ишти биринчилерден болуп аткара алды", - деп жазылат маалыматта.