Кыргыз курама командасынын эки футболчусу улуттук курама командадагы карьераларын жыйынтыкташты. Кыргыз-Мьянма беттеши алдында Даниел Тэго менен Павел Сидоренко күйөрмандар алдында коштошту.
Павел Сидоренко улуттук курама командада 2007-жылы алгачкы жолу чакырылып, жалпы 27 оюн өткөргөн. Даниел Тего 2014-жылы алгачкы жолу курамга чакырылып, жалпы 21 оюн өткөргөн.
Эки футболчу тең ушул жылы Азия Кубогунда ойношкон.