Ош облусунун Кара-Суу районунун Сарай айылынан келген 35 жаштагы Нурила Төрөканова Жогорку Кеңештин имаратынын арт жагындагы эшиктин алдына жаш баласы менен митингге чыкты. Анда ал "Садыр Нуркожоевич, коррупциянын айынан менин жана баламдын укугу тебеленип жатат" деген көйгөйүн айтып чыкты.
Ал 2018-жылы Руслан Жураев аттуу адамга жарандык нике менен экинчи жубайы болуп, андан 2 бала төрөгөн. Биринчи баласы учурда 1 жарым жашта, ал эми кызы 1 жашка чыга элек. Биринчиси уул болгондуктан күйөөсү биринчи үй-бүлөсү менен баласын алып, бербей келишет.
Нурила айым баласын өзүнө алуу үчүн аймактык Ак-Буура милиция бөлүмүнө кайрылган. "Алар кайра бала уурдадың деп мени айыпташты. Жолдошум Руслан Жураев аларга пара берип койгон”, - дейт. Төрөканова өзүнө жактоочу жалдап укугун талашып да көргөн. Бирок жактоочу келиндин күйөөсүн жактап кеткен. Андан кийин райондук, облустук сотко кайрылган.
"Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн катарына киресиң, бага албайсың” деген соттун чечими менен балам атасында калган", - дейт келин. Кайсы эшикке барбасын укугу корголбой жаткан эне борборго чейин келип, президентке арызданууга мажбур болгонун айтат.
Буга чейин Ош шаарында көп кабаттуу үйдөн секирип, жанымды кыям деген 34 жаштагы аялды ӨКМнын куткаруучулары сактап калышкан. Кийинчерээк ал бул жолго эмне себептен барганын айтып берген.
Нурила Төрөканова айткан маселелер боюнча SUPER.KG порталы экинчи тараптын да оюн угууга даяр.