“Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасында Кыргызстандын желеги астында чыга турган жалгыз спортчу Дмитрий Трелевский машыгуу учурунда алган жаракатынан улам мелдешке катышпайт. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун маалыматына ылайык, Д.Трелевский машыгуу маалында бүгүн тизесинен оор жаракат алган. Лыжачы мелдешке катыша албай турганын жана анын ордуна Евгений Тимофеевди катыштыруу боюнча уюштуруу комитетине кат жиберилгенин кошумчалаган.
Тилекке каршы, Эл аралык Олимпиада комитетинен 1 эле катышуучуга мүмкүнчүлүк берилгендиктен, Евгений Тимофеев да катышпай калды. Тимофеев тоо лыжасы боюнча Кыргызстандын атынан тандап алуу турларына катышкан. Бирок алардын ичинен эң мыкты көрсөткүч ээси болуп Д.Трелевский Олимпиадага жолдомо алган.