Тасманын сюжети үч каармандын тегерегинде өнүгөт. Алардын бири айылдык аксакал, 10 жылдан бери жалгыз жашайт жана шаардык аялга үйлөнөм деп кыялданат. Бул жагдай боюнча эки жаш мырза аксакалга жардам бермекчи болушат. Бирок кандайдыр бир себептерден улам үчөө тең мафияга аралашып калышат. Анан, албетте, сүйүүсүз кантип тасма болсун?!