Тасмада жеңил өнөр жай тармагындагы көйгөйлөр тууралуу баяндалат. Өлкөбүздө 150 миңден ашуун жаран дал ушул жеңил өнөр жайында иштээри анык. Алардын басымдуу бөлүгүнүн эмгек китепчеси, иш ордуларында ылайыктуу шарты жок эмгектенип келишет. Ошондой эле бул тармакта иштегендердин көбү билимсиздиктен өзүлөрүнүн укуктарын билбей жапа чегишет.
Башкы каарман Болот жана анын сүйлөшкөн кызы Карачач дагы дал ушул тармакта иштешет. Болот өзүнүн жана кесиптештеринин укуктарын коргоого аракет кылган чыгаан жаштардын бири. Бул көйгөйлөр ага аз келгенсип, эми трайбализм көйгөйлөрүн дагы жолуктурат.