Чон эне насаат кеп мисалы, каза болгон адамды жакынына кантип угузуу керек, кантип алып келуу керек, чогу келген адам кандай милдетти аткарып кантип кируу керек, мына ушуларды айтыш керек болчу. Копчулук билбейт кыргыздын салт-санаасын. Акырында олтурбош керек болчу.
+1
dobrajelatel
2015-09-08 02:08:23
Идея жок. Нени айткысы келген автор? Ойду толук бере албаган. Тасманын коркун Жамал Сейдакматова менен Нуриза ачкан.
Бугун эне спектаклын койгондо форманы кайдан тапты? Катачылыктар коп саноонун кажети жок. Корорман озу талдайт.
0
tansuluu.junusova
2015-09-09 14:13:09
Жакшы бир аз жасалмалуулук бар
0
manas93kg
2015-09-16 20:06:50
Жомок жуздорундо жашоодо болуп аткандай,аткаргандыгы такыр жок создорун жаттап алган!?
0
.lonely-she-wolf.
2015-09-19 20:48:06
Болбогон сапатсыз маани манызы жок тарбиялык таасири жок сезимди журокту ойготуучу есбир кадр жок,каяктагы тажрыйбасыз актер актрисалардын башына к.р.сыймыктанган улуу талантты жамал сейдакматова апабызды кошуп тартканы кыжырымды келтирди.фильмге жамал ежеке гана маныз береалган.
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Атасы каза болуп, апасы турмушка чыгып, 92 жаштагы чоң энесинин колунда калган кыз мектепти аяктаган соң шаарга келет. Театралдык институтка тапшырып, бир күнү группалаштары менен талаага кино тартканы барышат. Жаштардын тамашасы менен күлкү-каткырыгын кызга айтылган “чоң энең каза болду” деген суук кабар токтотот. Курбулары “жалгыз кантип жөнөтөт элек?” деп баары чогу барууну чечишет. Ошентип, окуялар уланып отуруп кыздын үйүнө жетишсе, каза болду деген чоң энеси бакта көлөкөлөп теспе тартып отурган болот...
Тасманын акырында бул топтогу балдардын баарынын жашоого болгон көз караштары өзгөрүп, таптакыр башка адам болуп кайтышат. Чоң эненин балдарга кандай таасир калтырып, ой жүгүртүүлөрүн өзгөртүүгө кантип жетишкендигин тасмадан гана көрүү керек.