Үркүн

Комментарийлер ()
Topcubai
2017-11-09 23:05:20
Кино жакшы тартылыптыр.
+3
Kubanych.76
2017-11-10 11:51:32
20 адам менен эле тартып коюшуптур коркуп коюшкан окшойт орустардан канча адам кырылганын айтып коюш керек болчу.
+3
AzKumFerDan
2017-11-13 07:12:36
Атаңдын көрү десе жакшы чыкпай калыптыр го стенага көбүрөөк адам тартыш керек эле .мен күткөндөй чыкпай калыптыр.
-1
LunaSun
2017-11-13 14:13:37
кочуро албай жатамбы?
0
alben
2017-11-15 12:09:58
Эң жакшы эң Сонун эле болуптур. Кайран эл кандай гана күндөр баштан өткөн, ушул нерселерди ойлоп ажоолорубуз туура жолго түшсө дейсиң. Анан ар нерсе деп сындабай Колуңардан келсе 100-1000 адамды аскага алып чыгып тартып көргүлөчү.
+4
Ibonus86
2017-11-18 17:08:11
Жакшы тартылган көз жашты агызып кыргыз элинин кандай кордук көрүп келгенин көргөзүп тартыптыр.. Анан жакпады деген адамдар өзүңөрдүн колуңардан эч нерсе келбейт да анан сындап келишет эки сөздү бириктирип бир ыр жаза албайсыңар анан "бүткөн ишке сынчы көп" болуп сындайсынар
+4
dostu.95
2017-11-21 00:58:02
жакшы кино экен бирок откорсо больойбу?
0
taha_azik
2017-11-22 01:46:44
Мына ушул кинону кино деп айтсак болот. Буткончо козумдон жашым тынбады, ушунчалык журогумо таасир берди. Кыргыз эл байыркы кыйынчылыкты женген намыской, кучтуу элбиз. Ар бир жаран дал ушул Салмандай патриот, кучтуу, эр журок болгондо олкобуз мындан да онугуп, гулдогон мекен болмок экенин тушундук окшойт. А биздин жогору жактагыларыбыз элдин камын ойлобой, оз жанын, оз байлыгын, бийлигин ойлоп куноосуз бечараларды жок кылып жатышат.
+2
dinar-87
2017-11-26 03:13:08
Жакшы тартыптыр озундой кылып тартканга олчойгон каражат керек ушунусуна да шугур.
0
Artur_91
2017-11-29 00:57:44
Бул кинону көрүп аябай жүрөгүм эзилди, кыргыз эли кандай гана азапты, кыйынчылыкты, башынан өткөргөн. Менимче кино жакшы эле чыгыптыр, окуяны толлук сүрөттөш үчүн каражат көп керек буну баарыбыз билебиз. Андай чыгыптыр, жаман чыгыптыр деген пикирлер көп экен. Мен ойлойм,бара-бара бизде да киноиндустрия өнүксө, дагы мыкты кинолор тартылат деп ишенем. Бул менин жеке оюм.
0
Mavlyuda
2017-11-30 08:33:43
Аябай сонун тартылыптыр. Рахмат чыгармачыл топко. Чексиз рахматымды айтамын
+1
Mavlyuda
2017-11-30 08:35:50
Салманды сүйүп калдым
+1
Mavlyuda
2017-11-30 09:00:15
Түгөнгөндө түтөгөн кыргыз
Кырылганда күчөгөн кыргыз.
Дүйнөгө ак калпачан көрүндүк биз,
Асмандан жамгыр болуп төгүлдүк биз.
Чөп болдук жер тандабай өсө берген,
Булуттай асман кездик чачылдык биз.
Кырылып бара жатып тирилдик биз,
Бөлүнүп бара жатып бириктик биз. (Ата-бейит мемориалдык комплексиндеги жазуу). Аябай сонун жазылган, таасын айтылган сөз
+1
Taalaibek.
2018-01-28 13:38:17
Уркундогу биздин элибиз кырылган дешет. Бирок бул кино бир аз окшошпой калса керек. Себеби бул кинодо качып бара жаткан жердеги элдерди, орустар атканы жок экен. Элдин айтуусу боюнча, качып бара жаткан Кыргыздарды асканын жанынан атышкан деп айтылат. Ушул жери бир аз окшошпой калса керек. Мумкун акырындык менен тузолот, "Алдыга Кыргыз Алдыга"!
0
albertkg95
2018-12-29 09:48:56
Кино такыр мен куткондой болбоду.
Анткени Кыргыздар Кытайга эмес Ошко келип кордолуп жатат аны кандай тушунууго болот.Эгер тарыхты туура окуган болсом Орустар орто азияга келгенге чейин Ош Баткен негизинен Фергана ороону Кокон бийлигинин алдында эзуудо болгон. Филм жакшы тартылган бирок мааниси жана коруу убактысы ото аз.
0
Жүктөлгөн: 08-11-2017
Тартылган жылы: 2016 ж 01:46:00
Жанр: Тарыхый
Режиссёру: Медин Учкеев
Продюсери: Мухтар Атаналиев
Актёр-актрисалар: Кымбат Алимжанов Жоробек Аралбаев Калык Акматов Эркайым Мирланова Руслан Орозакунов
Тасмада 1916-жылдагы Үркүн окуясы баяндалат. Ак карлуу тоону ашып баратканда тоӊуп өлгөн, карышкырга таланып жем болгондор, таяктар менен куралданган кыргыздардын атылып өлтүрүлгөнү, бир табак унга кыздары сатылган кайгылуу окуялар көрсөтүлөт.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан