Азыркы учурдагы кыргыз турмушу. Эки кошунанын бири турмушуна тың, учурдун талабын түшүнгөн адам. Экинчиси болсо арак ичет, аялын ар дайым сабап, күн көрсөтпөйт. Күндөрдүн биринде башкы каарман Мамат ичип келип, аялы Кенже менен чатакташып кетет да, ачуусу менен талак айтып салат. Муну угуп турган кошунасынын аялы бир түндө айылга жайып жиберет.