Бишкекте белгилүү шоумен, тамада Бакыт Букаев киши колдуу болуп каза тапты. Анын денеси шаардын Бөкөнбаев-Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишиндеги батиринен табылды. Маалыматтарга таянсак, Б.Букаев 13-ноябрь күнү бир кечеде тамадалык кылмак, бирок белгиленген убакытта ал жерге барган эмес. Мындан улам санаалаштарынын бири анын үйүнө барып, тамаданын канжалаган жансыз денесин көрүптүр. Окуя болгон жерде иликтөө тобу иш жүргүзүүдө.
44 жаштагы тамада бычактан алган жаракаттан улам көз жумганын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тастыктады.
Комментарийлер (45)
Элдин логикасына тан берем, "экинчи ачкыч менде", дегенден кийин элдин копчулугу Нурдоолот байке болуш керек деп ойлоп жататканына. Нурдоолот байке озу айтып жатпайбы, ал эки кунду биринде Ыссык-Колго кетчи деп, демек ал ачкычты уйго коз салып тур деп берген да. Меним оюмча биз бул ишке кийилишпей эле коелу, аны изилдеп таба турган Милийца агаларыбыз бар.
elina, Милиция агаларын, кунолуубу же куноосу жокпу Опер начальник эмне дешсе ошону аткарат.Эгер Нурдоолоттун таныштары кучтуу болбосо ошонуда кунолошот.Бул дело жабылмайын Нурдоолоттунда тынчы кетет.15кг арыктайт.Жайы жаннаттан болсун.Сага ийгилик Нурдоолот.
акчанын айынан эмне эле болуп баратат! эмне Нурдоолот байке жинди беле олтургудой! корунуп эле турат чыныгы достор экенинен! Нурдоолот байке кетпегенде мумкун аны дагы бирдеме кылышат беле.
Анан олтургон киши ачкыч менен ичинен бекитип алыптырбы? Ага анын не кереги бар эле? Байкасанар эшик кулпу экен имиш олук ичинде жатат.Мен акча учун эмес башка келишпестиктер даалай эле го.
Же олтургон манякта дагы бир ачкыч болгонбу олтуруп анан сыртынан кулпулап кетчуудой!!!
Shah, Sizdin oiunuzga karshymyn emne sozsyz achkych menen kulptamak bele azyr eshikterdin ichinen ele burap anan syrtynan japsa kulptanyp kalat . a4kychy jok ele kulptap koet . Nurdoolot baikenerdin kozynon ele bilse bolotta andan e4 kymon bolbosh kerek.
Shah, Сенин башына тушпосун мындай иштер.корбой туруп куноолобо бей куноо адамды.Адамды козунон билсен болот,Нурдоолотту корбодунбу ыйлаганын.калтырап зорго суйлоп жатат.
менимче Бакыт байке аны тааныган, анткени Нурдоолот байкенин айтусу боюнча эки идиштен кукси ичилген деп. Ал адам ишин аткаргандан кийин балким Бакыт байкенин ачкычы менен эшикти култап кетти
Олтуром деген адам мурунтан даярданат,балким ошол олтургон адам Бакыт байкенин озунун ачкычы менен бекитип кеткендир? эгер ачкыч уйдо жок болгон болсо.
Bizdin Kyrgyzdar akcha jonundo achyk suiloibuz, kancha akchasy bar jok tigil bul baaryn dos bolobu dushman bolobu dekloraciya berip juro berebiz ushunun kesepetinen myna ushundai okuyalar bolup atat, bir az diskretnyi bolsok jakshy bolmok.
Mumkun alasa beresesi bardyr kim bilet?
Байкуш жайы жаннаттан болсун!
ии байкуш синдимдин свадьбасында тамада болду эле
Shah Нурдоолот чымынга да зыян келтирбеген адам
Кантип озунар барды Нурдолот деп тоба кылдым! Менин билишимче НУрдолот жакшы адам! Бакыт байкенин жаткан жери жайлуу болсун!
Микаэльдин олуму да ачылбай калган эле,бул да сырдуу бойдон калса керек.
Аябай жаман иш болуптур!Угуп алып аябай боорум ооруду.Эми акча карыз болобу же ошончолук бироону очоштуруп алган кундо деле жон гана адамча айтып кой тушундуруп,же мейли коркутуп кой анчалык мыкаачылык менен олтургондой эмне кылды экен.Балдарын ата-энесин бир туугандарын деле ойлоп коюшса болмок.адамдар жаныбарлардан кичине эле айырмабыз деле жок болуп барартат озу.Жаткан жери жайлуу болсун.Кыргызда жакшы кеп бар го кылык иш кырк жылда билинет акыры адамдын каны уктатпайт ал зоокурлорду.
ushundai mykaachy adamdardy jer kantip kotorup jurot.myndai adamdar jazasyz kalyshpait.
кудай жазаласын адамдын омурун кыйган айбандарды
Автор :
Оператор :
Бишкекте белгилүү шоумен, тамада Бакыт Букаев киши колдуу болуп каза тапты. Анын денеси шаардын Бөкөнбаев-Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишиндеги батиринен табылды. Маалыматтарга таянсак, Б.Букаев 13-ноябрь күнү бир кечеде тамадалык кылмак, бирок белгиленген убакытта ал жерге барган эмес. Мындан улам санаалаштарынын бири анын үйүнө барып, тамаданын канжалаган жансыз денесин көрүптүр. Окуя болгон жерде иликтөө тобу иш жүргүзүүдө.
44 жаштагы тамада бычактан алган жаракаттан улам көз жумганын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тастыктады.