103 номурун терип, "Тез жардамга" ишиңиз түшпөсүн, дегеним, ден соолукта болуп эле оору-сыркоодон алыс болуңуз. А бирок тирүү жан болгондон кийин ооруп калсаңыз, "Тез жардам" кызматы күн-түн дебей сиздин саламаттыгыңыз үчүн күрөшүүгө даяр. Бирок калк арасында “Тез жардамдын” кызматына каанаттанбагандар да жок эмес. Алдынкы мүнөттөрдө аталган кызматтын сиздер байкаган оң-терс жактарын билүүгө аракет кылабыз.
Комментарийлер (6)
Тетиги терезеси бузулуп, керетеби чирип калган тез жардамдын абалы не дейт? Эх кыргыз эли качан онолобуз? Журогум оооруду.
Ар бир иштин кыйынчылыгы,туйшугу болот!Ошол кыйынчылыкка чыдап,иштеп жургон тез жардамчыларга данк!
кызым ооруп, кечки саат 10 до тез жардам чакырдык эле туну саат 2 ге жакын келишти. уйубуз фучикада. келишип жакшы жардамдарын коргозушту. биз суйунуп келгенине кеч болсо да, кофе берип кайра кайра рахматыбызды айтып узатып койдук.
Ак халат менен кызыл шапкеден кудай сактасын негизи.Ишиниздерге ийгилик эл кызматына жарап журо бериниздер.
Ээээххх тез жардамга азыркы айдоочулардын дагы мамилеси башкача. Тез жардам келе жатканда токтоп тезинен откоруп жиберуу сезими жок. Балким ошол жардамга бир тууганыбыз же ата-энебиз муктаж болуп шашып бара жаткандыр. Ушуну ойлобой калдык туугандар...
Автор : Айзат Болотбек кызы
Оператор : Кайрат Сарбагышов