23 жаштагы Бактыгүл Камчыбек кызы 5-июнь күнү №6-төрөт үйүндө үч эмди жарыкка алып келди. Жалал-Абад облусунун тургуну Бактыгүл айым учурда балдары менен Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна которулган. Бала жытына балкып турган эне 21 жашында тааныштар аркылуу Нарын облусунун Кочкор районунун тургунуна турмушка чыккан. Бирок ал бактылуу мүнөттөр көпкө созулай, түгөйлөр эки айрылыш жолго түшкөн. Апасынан да жардам күтпөгөн Бактыгүл Камчыбек кызы азыркы тапта үч баласы менен барарга жери жок экенин айтат.
Комментарийлер (43)
Iii ichinde ezgen baldar ekengo omuru uzun bolsun
Kiyim kecheden jardam bersem deim kandai bailanyshsak bolot jok degende koldon kelgen nersebizdi bersek kichine jenildik bolor
Жалгыз РОББИМ АЛЛАХ ТААЛА ОЗУ колдосун! Баары АЛЛАХ ТААЛАНЫН буйругу менен. Инша АЛЛАХ баары жакшы болот!
Кечээ жакында эле 4 эм төрөгөн эжеге кандай жардам беришти эле. Больницадан 170 000, мериядан 100 000, премьер министрден 300 000, президенттен 2 комнаталуу квартира. 3 эм менен 4 эмдин эмне айырмасы бар экен? Бул байкушка жок дегенде 1 комнаталуу квартира берип койсо болбойбу мамлекет?
SweetLady,туура айтасын. Уч эм деле чанда торолот да. Бул эжекебиз да наристелерине жогору жактагылардын ысымын ыйгарганда квартиралуу болмок. Кудайым омурун берсин шириндердин
Кудайым сизге балдарынызга ден-соолук берсин,Биздин чондорубузга кайрылгым келди ушул эжеге Кудайымдын жолу учун соопкоделе каласдар жардам берип койунуздар.суранабыз
Биз да россиядабыз жардам беребиз эч кабатыр алба.Балдарына узун омур чын ден-соолук берсин Аллахым.Коп тукурсо кол болот дегендей кыргыз эли биримдуу калк.
black_star_9494, эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
Азаматсын эн негизгиси балдарына кудайым ден соолук омур берсин. Буюрса баары жакшы болот. Жылдар отот кыйынчылыктарды женип балдарын менен бактылуу бол
Супер инфо сиздерден сураныч эгерде мамлекет уй берсе видеону жуктоп койгулачы санаабыз тынчысын
Jazira90, саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
Ушунчалык ширин балдарды кантип коргусу келбей журот болду экен атасы? Мумкун ушул тасманы коруп конулу жумшап келер. Эгер келбесе анда эркек эмес экен ал. Кудайдын каарына калат бир кун
Наристелердин атасы акмак адам экен 1 бала 2 кызын корбой кантип журот. Коруп алып ыйлагым келди Апасы дагы кандай адам Аллах ыйман берсин буларга.
Наристелердин омурлору узун болсун сиздин бактынызга ыймандуу акылдуу уул кыздардан болуп чонойушсун.Аллахым Ар бир пендени оз ырыскысы менен жаратат буйруса баары жакшы болот кубанычтуу кундор алдыда
Питир садаканы берсек кандай болот коп элдер беришет болсл кандай беребиз
Апалар гана балдары үчүн баарына чыдайт. Эркек киши үч наристе менен эчак өзүн таштап жибермек болуш керек.
Келгиле, айымдарга сый мамиле кылалы. Дүйнөнү тең салмакта кармап турган аялзаты эмеспи.
Автор : Айзат Болотбек кызы
Оператор : Мелис Маматкулов