"8 жылдан бери күйөөм мага физикалык, психикалык, сексуалдык зомбулук көрсөтүп келет. Өзүмдү түрмөдө отургандай эле сезем" деген Айзада Мырзалиева Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунан Бишкек шаарына качып келгенин айтат. "Эми жолдошумду мыйзамдын негизинде жазалатыш үчүн бүт күчүмдү жумшайм" деп кошумчалаган айым 18 жашында Акматбек Желдеңовго турмушка чыккан экен. “Жолдошум чогуу жашаганыбызга 3 ай боло электе эле кол көтөрө баштаган” дейт. Анда эмне үчүн ал ушул убакка чейин чыдап жүргөн? Чын эле ага күйөөсү зордук-зомбулук көрсөткөнбү? Төмөндөгү видеорепортаждан көрүӊүздөр.
Комментарийлер (52)
Оо Аллах озун кечире кор, бул адам жерди огунан жылдыруу менен барабар куноо кылыптыр
Мындайлар толтура,дагы бир кыз ушинтип кордолуп жүрөт.күйөөсү кайнэнеси экөөлөп кордошот.ал байкуш болсо кетсем каяка барам,бараар жерим жок деп коюп жүрөт.
Уят ай. Кыргыздын жигитери ушундай денгээлге жетип калдыбы. Качан кыргыз аялын мазактачы эле. Эжени коруп боорум ооруда. Негизи эле, аялзатын кадырын барактайлычы. Бул да бир эне.
aidan.nur,
Этика нормаларын сактаңыз!
Мммда кинодогудай...ушунча чыдаган эжеге кыйын эле...куйоосу точно ненормальный..жазасын бериш керек
Nur0701, AFRODITA-89, alina79, raia, Chiko.kg,
Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
адамдар кайда баратабыз? ойлонолучу,бири бирибизди сыйлай журолу,суранам мыкачылыка барбагылачы
Ушундай зоокурлорду эл ортосуна салып олтуруп койсо жакшы болмок
Кудай ай не деген шумдук бул эже писхалык жактан чындап жабыркаптыр чаманда башы ооруйт суйлоп жатканда башын улам улам кармап жатты.Куйоо соройдун жазасын бериш к.к
Эркек атын которо албаган ХХХ ХХХ
tengara, - эскертүү!
Провокацияга жол жок!
Ой тобооо адамдар эмне болуп баратат Жакшы жанылыктар аз баары эле кордолгон зордукталган болуп кетти
бул эже мн кандай байланышсак болот колубуздан келген жардамды кандай кылып берсек болот кандай кунду коруп жаты экен ким билет жардам берем дегендер мн байланыштырып койсонор дагы бироо жазыптыр го балдарын мектепке киргизем деп кайдыгер карабасанар силер да рахмат
Айланайын не деген шумдук.
Урматтуу супер инфо ушул айымдын азыр жашоосу кандай уланууда?
nazya5, саламатсызбы! Маалымат алууга аракет кылабыз.
Автор : Гүлжамал Полотбек кызы
Оператор : Эрмек Райымбеков