Алдыда берилүүчү жаңы үлгүдөгү паспорттор, буга чейинки жасалма паспорт менен уйгур жарандарынын кармалгандыгы, унаалар үчүн жаңы номурлардын өзгөчөлүгү тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев менен маектештик. Төрага аталган кызматка кызматкерлерди кабыл алуудагы өзгөрүүлөр тууралуу да айтып берди.
Комментарийлер (21)
коомдун байлыктары ПРОПОРЦИОНАЛДУУ ТҮРДӨ калктын калың катмарына жетиши зарыл.
8) Китепти көп окуган, сабаттуу эл болушубуз зарыл.
9) "Бир Мамлекет - Бир тил" принциби толук орноп, мамлекеттик иш кагаздарынын баары кыргызчага өтүшү зарыл.
Кыргыз тили бир эле адабияттын, акындардын тили эмес, Ишкерликтин, Илимдин, Улуттар аралык баарлашуунун Тили болушу зарыл!
10) Паспортубуз СОЙКУ болбошу зарыл!
жана башка...
Буларды жасабай туруп, ар кимди туурай б
Дүйнөдө кыргыздардын улуттук мамлекети, маданияты, тили, тарыхы сакталып турган БИР БАШКА ӨЛКӨ БАР БОЛГОНДО,
(Кыргыз Республикасынан башка) анда көзүмдү жумуп туруп "УЛУТ" деген графанын алынышына макул болмокмун.
Башка этностордун тилдери (казак, орус, өзбек, украин ж.б.) улуту жана мамлекеттери тарыхый мекендеринде сакталып турганы үчүн Кыргызстанда алар үчүн "улутту сактап калуу" маселеси биринчи орунда турбашы мүмкүн.
Сингапур, АКШ сыяктуу өлкөлөрдө
"УЛУТТУК МАМЛЕКЕТТИ ЖАНА УЛУТТУ САКТАП КАЛУУ" деген маселе жок! Анткени, Сингапур малайларынын жана кытайларынын Малайзия жана Кытай деген улуттук өлкөлөрү бар!
АКШда "кызыл терилерден" башкалардын баарынын эле ТАРЫХЫЙ МЕКЕНДЕРИ БАР! Аларда УЛУТТУК МАМЛЕКЕТТИ САКТАП КАЛАЛЫ деген көйгөй жок.
Биздин дагы бир БАШКА БИР КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИБИЗ БОЛГОНДО, Сингапурдай, АКШдай болуп толеранттуу жана абдан жумшак боло алат элек бул маселеде...
Тилекке каршы, дүйнөдө БИ
- АЛ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ! БИЗДИН БИР ЭЛЕ ТАРЫХЫЙ МЕКЕНИБИЗ БАР - АЛ КЫРГЫЗСТАН (Энесай жактарды азырынча кошпой туралы... Азыркы учурда бар болгондорун эске алалы)!
Анын улуттук өлкө катары сакталып калышы КЫРГЫЗДАРГА гана керек!
"УЛУТ" графасы - азырынча алынбашы керек!
Кыргыз Тили өнүксүн, жайылсын жана жападан жалгыз мамлекеттик жана расмий тил болсун! (Калган тилдер талап-суроого жараша, бизнесте керек болуп-болбогондугуна жараша өнүгө берет өзүнчө)-
Баардык мамлекеттик кызматкерлер Кыргыз Тилинде иш алып барып калсын! Ошондо алып салалыбы же албай эле коелубу деп бир сыйра ойлонуп көрсөк болот.Гулжигит Исаков
КЫРГЫЗДА, ТЭЭ МАНАС АТАБЫЗДАН КАЛГАН
"Курама жыйып, журт кылдым" - деген ураан бар!!!
Ал замандын чакырыктары башка болчу. Ал кезде биз Шиберден (Сибирь) Идилге (Волга), андан дагы кенен аймактарда ат ойноткон, шамал жиреген ДОМИНАНТТУУ Улут элек! УЛУТТУК ИДЕНТТҮҮЛҮГҮБҮЗ калыптанган болчу. Андан кийин малекеттүүлүгүбүз кандайдыр бир замандарда ҮЗГҮЛТҮККӨ УЧУРАДЫ! Улуттук иденттүүлүгүбүз бир нече чабуулга душаар болду, туруштук берген жерде берди, бере албаган жерде бере алб
ХХХ ХХХ
5) "Өнүккөн өлкөлөрдө деле "улут" графасы алынып салыныптыр" деген шылтоо менен Курулай Туурамачылыкты койсок, туугандар!...
Alisher,
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек!
Эмне үчүн "Өнүккөн өлкөлөрдө айлык маяналар 5 000 миң доллардан жогору экен! Биз дагы ошончого көтөрөлү!" - деп чыкпайбыз?
Анткени, кээ бир параметрлер боюнча туура келбегенибизди билебиз. Ошондуктан "Айлык маяналарды азырынча көтөрө албайбыз. Бирок айрым көрсөткүчтөрдү жогорулатып, маяналарды ошол деңгээлге чыгара алабыз" - ДЕЙБИЗ ДА, ТУУРАБЫ?
Ушул сыяктуу эле, айрым нерселерди ОРУНДАТМАЙЫН, "УЛУТ" графасын алып сала албайбыз....
Алар басып өткөн жолдорду басып өтмөйүнчө жөн эле аларды туурай берүү - АКЫЛЫ КЫСКАЛЫККА ТЕТЕ.
Орусия, Түркия, Франция, Англия, Германия сыяктуу өлкөлөр "УЛУТТУ" алып салса дагы жарашат, анткени алардын МАДАНИЯТЫ, ТИЛИ - ДОМИНАНТТУУ!!! Алар башка улуттарды сиңирип алат!
Алыс барбайлы, кошуна Өзбекстан "БИР МАМЛЕКЕТ - БИР ТИЛ" деген принцип менен жашап келет. Паспортунда "кыргыз" деп жазылган кыргыздар болжол менен 300 миңдин гана тегерегинде, расмий маал
Мурда 1 миллиондон 3 миллионго чейин кыргыз жашаары айрым булактарда айтылып келген. Алар сыртка чыгып кеткен жок. Демек, СИҢИП КЕТТИ!
Казакстанда (эми эми ), Тажикстанда, Түркмөнстанда башка улуттар ушул мамлекеттердин тилдеринде гана сүйлөшөт.
башка кылаарга иш жок болуп жатабы тайыр мырза. кимдин буйругун аткарып,кимге жагынайын дейсиз тушунбодум...арканызда эл турат,ушул эл сизди бийликке алып келген ушуну унутпасаныз!кыргыз эч качан мындай пасчылыкка жол бербейт!эмне деген манкурттук!"бетеге кетет бел калат,бектер кетет эл калат" деген сиз бул бийликтеда,дуйнодо да убактылуусуз улуттун убалына,калктын каргышына калбаныз! сиздин ойлонбой кылган катачылыгыныз учун кийинки тукумунуз сизди каргап отушунун каалабасаныз керек!
Улуту жазылбаса,улутубуздун жоголушуна кадам таштап жатканыбыз
Азырынча алынбашы керек.Биз андай денгээлге жете элекпиз. Алишер мырза туура айтат.
Көпчүлүк үчүн керектүү маалымат экен. Биометрикалык паспортко улуту деген графасын калтыруу керек, анын эч зыяны тийбейт.
Кыргызстанда жашаган этникалык азчылык деп айтыптыр, алар да кыргыз тилин үйрөнүп, желегин бийик желбиретип көтөрүшү ал жарандын өзүнө байланыштуу.
Ишиңерге ийгилик,элди ойлосоңор, ошол элдин оюн угуп иш тутсаңар баары жакшы болот деген үмүттөбүз.
Автор : Кызжибек Раимова
Оператор : Мундуз Нурланбек уулу
Алдыда берилүүчү жаңы үлгүдөгү паспорттор, буга чейинки жасалма паспорт менен уйгур жарандарынын кармалгандыгы, унаалар үчүн жаңы номурлардын өзгөчөлүгү тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев менен маектештик. Төрага аталган кызматка кызматкерлерди кабыл алуудагы өзгөрүүлөр тууралуу да айтып берди.