Бүгүн, 24-февралда саат 10дор чамасында УКМКнын сурагына Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов барды. Аны колдогондор УКМКнын жанында нааразычылык акциясына топтолушту. Эл өкүлү коррупция жана кызматтык жасалмалуулук боюнча суракка тартылган. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан маалымдалгандай, 2011-жылы 20-сентябрда Эсептөө палатасынын төрагасы С.Молдокулов кызматтык унааларды сатып алуу боюнча комиссия түзүүгө буйрук чыгарган.Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн атайын дайындалган адистердин арасында А.Шыкмаматов да болгон. Бирок тендер өткөрүлбөй эле кызматкерлер өздөрү унааларды сатып алышканы аныкталган.
Автор : Кызжибек Раимова
Оператор : Сергек Шатманов, Айбек Алимов