"Атам жумушун үй-бүлөсүнүн кызыкчылыктарынан жогору коюп иштейт"

Жогорку Кеңештин алдында Өмүрбек Текебаевдин колдоочуларынын митинги өтүп жатат. Алар Өмүрбек Текебаевди үй камагына чыгаруу талабын коюшары маалымдалган. Саат 13:50гө карата аянтка чогулган митингчилердин болжолдуу саны 400гө жетти. Экс-депутат Асия Сасыкбаева эл өкүлүн колдоо үчүн аймактардан да адамдар келе жатканын белгиледи. Текебаевдин кызы Ай-Данэк Текебаева атасынын күнөөлүү эместигин, ал коомдук иштерин үй-бүлөсүнүн кызыкчылыктарынан жогору коюп иштеп келгенин айтты.
Комментарийлер (8)
talant83
2017-02-27 16:37:05
Кыргыз кыз болгонунан кийин кыргызча эле суйлобопсун да чон кыз.
0
bek.94
2017-02-27 16:44:48
talant83, туура.
0
padysha
2017-02-27 16:58:39
Бизде такыр акыйкаттык жок. Кылмышы бар учун камадыда. Баягы еле жонокой Эл азабын жемей болду.Олоор эчки койчунун таягына суйконот болбой .Озу АК кишиден бетер ар кимге суйконгону жаман болчу. Кылмышы болсо камалсын баардык саясатчыларга улгу болуп.
+2
aianaaiana
2017-02-27 17:06:59
Февралдын аягында митинг болот деген гороскоп туура чыкты окшойт.
0
brit
2017-02-27 19:37:05
Элдердин Эмне кылар иши жокпу? Акча Берсе Эле чыга берет качан онолобуз ушинте берсек? Кимди камаса Эле пикет уюштуруп чыгарып ала Берсе болобу? Кошоматчыларга тан калдым, тообо. Камай элек суракка алып жатса Эле чан тополон салышып барып алышат.
+2
mia
2017-02-28 04:47:12
Айылдагы жаш бала тоок уурдады деп жалган жалаа менен камалса мындай митинг болбойт эле.......аттин ай акча эмнени гана кылбайт.....
0
saipi
2017-03-02 10:11:04
атан ХХХ ХХХ
0
admin_media
2017-03-02 10:23:34
saipi, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат! Эскертүү!
0
Автор : Кызжибек Раимова
Оператор : Мундуз Нурланбек уулу
Жогорку Кеңештин алдында Өмүрбек Текебаевдин колдоочуларынын митинги өтүп жатат. Алар Өмүрбек Текебаевди үй камагына чыгаруу талабын коюшары маалымдалган. Саат 13:50гө карата аянтка чогулган митингчилердин болжолдуу саны 400гө жетти. Экс-депутат Асия Сасыкбаева эл өкүлүн колдоо үчүн аймактардан да адамдар келе жатканын белгиледи. Текебаевдин кызы Ай-Данэк Текебаева атасынын күнөөлүү эместигин, ал коомдук иштерин үй-бүлөсүнүн кызыкчылыктарынан жогору коюп иштеп келгенин айтты.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан