Текебаев менен Чотоновдун жактоочулары Жогорку Сотко арызданышат

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүнкүгө белгиленген отурумду токтотту. Текебаевдин адвокаты Канат Хасановдун билдирүүсүнө караганда бүгүн алардын негизги иши каралмак. Бирок, Чотоновдун жактоочулары Жогорку сотко көзөмөл арыз жазганы боюнча иш токтоду. 12-июнда Бишкек шаардык соту Текебаев менен Чотоновдун баш коргоо чарасын карап, аларды камакта калтырган. Чотоновдун адвокаттары бул чечимге каршы көзөмөл арыз менен Жогорку сотко кайрылган. Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдында Ө. Текебаев менен Д. Чотоновдун тарапташтары "Чотоновго боштондук!", "Текебаевге боштондук!" деген ураандар менен турушту. Андан соң эл тарап кетишти. “Ата Мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев жемкорлукка шектелип февраль айында убактылуу камалган. Анын ишине байланышы бар деп, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Бирок, булар бул айыптоолорду четке кагып, саясий куугунтук деп айтып келишүүдө.
Комментарийлер (0)
Автор : Улукбек Кутманбаев
Оператор : Мундуз Нурланбек уулу

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан