Жогорку Сот крим чөйрөдө "дөө" каймана аты менен белгилүү Чыңгыз Жумагуловдун мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулганын SUPER.KG порталына ырастады.
Маалыматка караганда, 2017-жылдын 30-декабрь күнү №47-абактын башчысынын токтомуна ылайык, Жумагуловго Эгемендүүлүктүн 25 жана Үркүндүн 100 жылдыгына карата мунапыс берилип, жазасынын үчтөн бир бөлүгү кыскартылган. Токтом ошол эле күнү прокуратурага жөнөтүлгөн.
Ал эми Бишкек шаарынын Ленин райондук соту 2018-жылдын 16-январь күнү №47-абактын башчысынын Чыңгыз Жумагуловду мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу боюнча сунуштамасын канааттандырган.
Комментарийлер (2)
Камчынын он колу болсо чыгат да
бул Исаев ди сатып ийип озу чыкты Биздин Окмот менен Сотторго налат!!!
Автор : Бекжан Рыскулов
Оператор : Сергек Шатманов