Орусиянын Мамлекеттик Думасы Кыргыз өлкөсүнүн 240 миллион доллар карызын кечүү боюнча өкмөт аралык макулдашуунун протоколун ратификациялаган. Буга чейин протоколдук макулдашууну Кыргыз тарап дагы ратификациялаган эле. Орусиянын Либералдык-демократиялык партиясынын лидери Владимир Жириновский Кыргыз мамлекетинин карызын кечкендин ордуна Ысык-Көлдү ижарага берүүнү сүйлөшүш керек болчу деген пикирин айткан. 2013-жылы Жириновский “Орусия Кыргыз Республикасынын карыздарын кечип жаткандыгы үчүн Ысык-Көлдү Орусияга берсин” деп чыккан болчу. Ал эми ошол жылдын 15-майында Жогорку Кеңеш Жириновскийди Кыргыз өлкөсүнө киргизбөө тууралуу токтом кабыл алган.
Комментарийлер (3)
Орустарга берсек болмок ,озбектерге айла жок ал жактыда озулоруно каратып алат
Жириновский орустарга бекер берсин деген турбайбы .
Андан коро акчаны эле бериш кк аракет кылып. Ушинтип карыздын ордуна жерлерди бере берсек , бир кундо жерибизди таркатып жиберебиз го ((((
Автор : Жылдыз Джускембаева
Оператор : Мундуз Нурланбек уулу