Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы аскер бөлүгүндө 22 жаштагы Руслан Сапарбаев аттуу жоокер токко урунуп, бир колунан айрылды. Окуя 7-августта болгонун жеңеси SUPER.KG'ге кабарлады. Жоокер аскердик бөлүктүн жанындагы эски электр щитинен жабыркаган. Ал жабдыкка уялаган чымчыктын жерге түшүп калган жумурткасын кайра ордуна коюп коем деп жатып, кырсыкка кабылган.
Автор : Нуржанат Медетбекова
Оператор : Руслан Алыбаев