Кырчын жайлоосунда британиялык аскер атташенин 500 миң сомдук баалуу буюмдары уурдалды. Ал кырчындагы этношаарчадан алысыраак жерге алачык орнотуп жашап жаткан. Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун көрүү үчүн атташе Эндрю Холтон үй-бүлөсү менен келген. Анын фотоаппарат, видеокамера, объектив жана башка буюмдарын уурдап кетишкен. Милициядан билдиришкендей, уурулук фактысы катталган жер кайтарылчу эмес. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, издөө иштери жүрүп жатат.
Автор : Кызжибек Раимова
Оператор : Мундуз Нурланбек уулу