Бишкекте дарыгер-гинекологдор бала сатууга шектелип кармалды. Маалыматты Ички иштер министрлиги тастыктап, бала сатууга шектүүлөр 7-сентябрда кармалганын белгилешти. Кийин кармалган гинекологдордун бири Бишкектеги №1-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштегендиги маалым болду. Ал гинеколог бир эле учурда башка жеке клиникада да иштеген. Мындан улам бала сатуу фактысы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда болгонбу же жеке клиникадабы белгисиз экендигин Саламаттыкты сактоо министрилигенен кабарлашты. Бала сатуу фактысына 5 гинеколог шектелүүдө. Алардын бири учурда камакка алынганы маалым, ал эми калгандары өлкөдөн чыкпоо чечими менен бошотулганы айтылууда. Факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Автор : Кызжибек Раимова
Оператор : Руслан Алыбаев