Футбол жылдызы Криштиану Роналду "Ювентус" футболдук клубунда өзүнүн алгачкы голун киргизди. Чабуулчу Италиянын чемпиондугунун 4-турунда "Сассуоло" командасына каршы өткөн беттештин 49-мүнөтүндө алгачкы голду киргизген. Андан соң оюндун 65-мүнөтүндө экинчи топту атаандашынын дарбазасына салган.
Буга чейин Роналду “Ювентус” үчүн 3 оюнда бир да гол киргизе албай жатып сынга кабылып келген. Буга байланыштуу ал тууралуу ар түрдүү тамашалуу сүрөттөр тартылган.
Эске салсак, 33 жаштагы Роналду ушул жылдын июль айында испаниялык "Реал Мадридден" италиялык "Ювентуска" өткөн. Бул трансфер 112 миллион еврого бааланган. Ошондой эле Роналду жылына 30 миллион евро маяна алып турат.
Автор : Нургазы Аматов
Оператор : Мундуз Нурланбек уулу