Бишкекте унаа токтотуучу жайдын улгайган кызматкерин ур-токмокко алган айдоочу милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Айдоочу бүгүн эртең менен Шопоков көчөсүнүн аймагында жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен кармалган. Кечээ, 25-сентябрда интернетке "Мега Комфорт" соода борборунун жанындагы унаа токтотуучу жайда айдоочу улгайган жумушчуну сүзүп алган. Интернет колдонуучулар улгайган кишини ур-токмокко алган айдоочуну жоопко тартууну талап кылышкан.
Комментарийлер (3)
Сыйлап койсо болмок улгайган кишини бети жок тарбиясыз
Улуу адамга кол көтөрүштүн өзү уят...
Туура кылышат мындайларды жазага тартпаса көөп кетишти
Автор : Илим Туратбек уулу
Оператор : Мухамадзиямидин Турдубек уулу