Бишкек-Кара-Балта каттамындагы №302-маршруттук таксинин айдоочусу жүргүнчү аялга кол көтөрдү. Чыр жүргүнчү аял айдоочуга музыканын үнүн азайтып коюсун айткандан кийин келип чыкканын интернет колдонуучу жазып, видеосун жүктөгөн. Видеодеон айдоочу менен жүргүнчү аялдын кайым айтышуусун, соңунда айдоочу ордунан туруп келип, аялды балдардын көзүнчө башка, көзгө койгулап калганын көрүүгө болот. Окуя боюнча Чүй ОИИББине кайрылганыбызда, аталган кызматтын маалымат катчылыгы айдоочунун үстүнөн арыз түшө электигин билдирди.
Автор : Кызжибек Раимова
Оператор : Мундуз Нурланбек уулу