"Дом-2" аталышындагы теледолбоор аркылуу таанылган молдаван улутундагы орусиялык актриса, ди-джей, алып баруучу Виктория Боня 39 жашка толду. Карьерасын алып баруучулуктан баштап, кийинчерээк модель болуп дагы иштей баштаган. Мындан тышкары Боня бир нече тасмаларда, телесериалдарда роль жараткан. 2010-жылдан тарта ирландиялык миллионер Александр Смерфит менен жарандык никеде жашап, кыздуу болушкан. 2018-жылы француз миллиардери менен мамиле куруп, көп өтпөй эки башка жолго түшүшкөн. Мунун себебин Боня "бул жөн гана пиар болчу, мен бул роман үчүн акча алгам" деп түшүндүргөн.
Автор : Бактыгүл Момбекова
Оператор : Руслан Алыбаев