Жумгалда кар күрөйбүз деп жатып экскаваторду сууга чөктүрүп жиберишти

Жумгал районунун Чаек айылында грант аркылуу алынган баасы 2 жарым миллион сомдук экскаватор Шортон көлүнө чөгүп кетти.Экскаватор бир ай мурун атайын долбоордун негизинде алып келинген. 23-декабрда Шортон көлүнүн үстүндөгү хоккей аянты боло турган жердин карын күрөө үчүн айдап барышкан. Көлдүн суусу жакшы тоңо элегине байланыштуу муз жарылып, техника чөгүп кеткен. Учурда аны чыгаруу мүмкүн болбой жатат.
Комментарийлер (4)
Nurmat92
2018-12-25 19:06:46
Тим койгула эстелик болуп эсте кала тургандай кылып
0
elkeev
2018-12-26 01:09:05
Atyna zaty jarashkan ekskavator eken da))))
0
Abdizhapar
2018-12-26 05:01:43
Ат корбогон минип олтурот дегенден болуптур
0
kani-esen
2018-12-26 09:37:55
Эми Атамбай дагы кулот, Нарындыктар койсунар деп.
+2
Автор : Гүлжан Асанкожоева
Оператор : Нурсултан Нурболот уулу
Жумгал районунун Чаек айылында грант аркылуу алынган баасы 2 жарым миллион сомдук экскаватор Шортон көлүнө чөгүп кетти.Экскаватор бир ай мурун атайын долбоордун негизинде алып келинген. 23-декабрда Шортон көлүнүн үстүндөгү хоккей аянты боло турган жердин карын күрөө үчүн айдап барышкан. Көлдүн суусу жакшы тоңо элегине байланыштуу муз жарылып, техника чөгүп кеткен. Учурда аны чыгаруу мүмкүн болбой жатат.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан