Бүгүн, 11-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кетишине байланыштуу алгачкы соттук отурум болуп өттү.
Мындан 6 жыл мурун Нарын шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен.
Ушул жылдын апрель айында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2019-жылдын январь айынан тартып кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши кайрадан карала баштаганын айткан.
Автор : Кызжибек Раимова
Оператор : Батырбек Зарлыков