Сыдыман: “Эгер ушундай берене бар экенин билсем, Оштун “О"сун айтпайт болчумун"

2020-жылдын февраль айында Сыдыман каймана аты менен белгилүү болгон блогер Элмир Сыдымановдун социалдык тармакта хейтерлер тууралуу айткан билдирүүсү коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. 17-февраль күнү ал Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 313-берене (расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу) негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 18-февралда блогердин баш коргоо чарасы каралып, ал эки айга камакка алынса, 28-февралда ал үй камагына чыгарылган. Андан бери Октябрь райондук сотунда блогердин соту өтүүдө. Жакынкы күндөрү райондук сот блогерге козголгон иш боюнча чечим чыгарат.
Комментарийлер (2)
tynar92kg
2020-06-03 10:45:28
Эртерээк акылына киргениңде мындай нерселер болмок эмес.
0
elli_88
2020-06-03 12:31:10
Интернеттен суйлоп комент жазгандарды камап, жазасын бергенди эле билет биздин сот, прокурор, милицияларыбыз. Калган ичип жеп, ууру, убийцалар жон эле чыгып кетишет. Карапайымдарга эле алдары жетет
0
Автор : Айсалкын Качкынбекова
Оператор : Элчибек Кыштообаев
2020-жылдын февраль айында Сыдыман каймана аты менен белгилүү болгон блогер Элмир Сыдымановдун социалдык тармакта хейтерлер тууралуу айткан билдирүүсү коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. 17-февраль күнү ал Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 313-берене (расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу) негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 18-февралда блогердин баш коргоо чарасы каралып, ал эки айга камакка алынса, 28-февралда ал үй камагына чыгарылган. Андан бери Октябрь райондук сотунда блогердин соту өтүүдө. Жакынкы күндөрү райондук сот блогерге козголгон иш боюнча чечим чыгарат.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан