“Ооруканага соо барган уулум оор абалда чыкты, ошондон бери аппарат менен дем алат“

Үч баланын энеси Асылгүл Сүйүнбай кызы экинчи уулун мындан эки жарым жыл мурун 6 саны аман, 12 мүчөсү жайында, дени сак көз жарган. Уулу Абдулла 5 айлык болгондо алы кетип турганын байкап, ооруканага алып барышат. Дарыгерлер ага эки тараптуу пневмония деген диагноз коюшат. Пневмония 2019-жылы өлкөбүздө али кездеше элек диагноздордун бири эле. Дарыгерлер Орусиядан атайын антибиотиктерди алдырып сайышкан. Ал антибиотиктер Абдулланын мээсин күйгүзүп, өпкөсүн иштен чыгарып койгон. "Абдулла азыр 2 жарым жашта, салмагы 6 килограмм. Өзүнүн курагындагы балдарга окшоп чуркап жүрбөй, дарыгерлердин шалаакылыгынан улам төшөктө жатат" дейт апасы Асылгүл
Комментарийлер (0)
Автор : Медина Найманова
Оператор : МухаммадЗиямидин Турдубек уулу
Үч баланын энеси Асылгүл Сүйүнбай кызы экинчи уулун мындан эки жарым жыл мурун 6 саны аман, 12 мүчөсү жайында, дени сак көз жарган. Уулу Абдулла 5 айлык болгондо алы кетип турганын байкап, ооруканага алып барышат. Дарыгерлер ага эки тараптуу пневмония деген диагноз коюшат. Пневмония 2019-жылы өлкөбүздө али кездеше элек диагноздордун бири эле. Дарыгерлер Орусиядан атайын антибиотиктерди алдырып сайышкан. Ал антибиотиктер Абдулланын мээсин күйгүзүп, өпкөсүн иштен чыгарып койгон. "Абдулла азыр 2 жарым жашта, салмагы 6 килограмм. Өзүнүн курагындагы балдарга окшоп чуркап жүрбөй, дарыгерлердин шалаакылыгынан улам төшөктө жатат" дейт апасы Асылгүл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан