2021-жылдын 22-ноябрда президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Ордо-3 конушунун жашоочулары менен жолугушкан. Жолугушууда президент элдин көйгөйүн угуп, дээрлик 20 жылдан бери чечилбей келе жаткан мыйзамсыз басып алынган жер тилкелерин мыйзамдаштырып, тез арада конуштагы тилкелерге ээлик кылууга укук берүүчү документтерди жана техникалык паспортторду берүү тапшырмасын президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевге берген. Бирок Ак-Ордо-3 конушунун Зайнидин-Ата көчөсүнүн айрым тургундары 520-контурдун квартал башчысы Алмагүль Сейитбекова жер тилкелерин каттоодо мыйзамсыз документтерди сурап, анын үстүнөн акча жасап жатканын айтып чыгышты. Толугу менен видеодо.
Автор : Жолдубек Качкынбаев
Оператор : Нурбай Самарбеков