ПМ: "Бишкекте машинасы менен жол эрежесин бузуп, экс-президенттин уулуна колунун ортоңку манжасын көрсөткөн айдоочу кармалды" (фото)

Бишкекте машинасына атайын сигнал орнотуп алып, жол эрежесин бузган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББи боюнча Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-ноябрь күнү саат 14:00 чамасында Л.Толстой көчөсүндө 1996-жылы туулган А.Анын башкаруусундагы терезелери караңгылатылган жана атайын сигнал орнотулган Тойота Ленд Крузер унаасы каршы тилкеге чыгып жол эрежесин бузган. Андан сырткары айдоочу аны видеого тарткан жаранга колунун ортоңку манжасын көрсөтүп, белгисиз тарапка кеткен.

Видеону экс-президент Роза Отунбаеванын уулу, жарандык активист Атай Садыбакасов каршысындагы машинанын рулунда болуп тартып алган.

Патрулдук милиция тарабынан жол эрежесин бузган айдоочу кармалып, унаасындагы атайын сигнал алынып, унаасы айып жайга киргизилди. Ал тагып жүргөн 0003 ВВ деген номер жасалма болуп чыккан.

Жол эрежесин бузуп, колунун ортоңку манжасын көрсөткөн айдоочу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Tyty1990
2017-11-29 08:03:11
Бычып салыш керек
+1
kechirmeni
2017-11-29 09:40:15
Tyty1990, Ушуга окшогондорду бычып сала берсе соо адам калабы, педофил маняктарды бычып салса билбейм
+6
Mikra
2017-11-29 08:03:44
Роза айымдын баласына рахмат.азаматсыз энениздей эстуу бала экенсиз.жогору жактагылар козомол салып конул буруп кармаганынада рахмат дейли.
+26
kechirmeni
2017-11-29 08:46:56
Катуу чара коргуло башкаларына сабак болсун
+16
jypara1415
2017-11-29 08:58:57
Ишенгени бар бироо да . Айып пулду жакшылап толотуп алгыла .
+10
toktor89
2017-11-29 09:04:02
Айдаганын беш эчки, ышкырыгын таш жарат..
Демек бул баатыр бир арышанын карасы окшойт
+2
chet-kyzyl
2017-11-29 09:10:20
Жалтыр жултур светке кызыгаткенда
+5
Bek_abad
2017-11-29 09:34:46
Ошентип эрежени бузуп кайф алгандар барда.
+4
bond02
2017-11-29 09:45:11
Ошол манжасын сындырып салуу керек, же бир жерине бекитип журо турган кылыш керек да.
+4
luuntik
2017-11-29 09:48:01
бешиктен бели чыкпай жатып кылган кылыгын кара
+1
Gulnaz.GS
2017-11-29 09:49:07
милиция жаман добрый болуп тушуптурго суротун))))
+10
admin_superstan
2017-11-29 11:29:39
anash, этика нормаларын сактаңыз.
0
Toktogulski-97
2017-11-29 12:07:26
Эмне деген адам бул. Жол эрежесин бузганы аз келгенсип уялбай...
+1
Akyl78.1501
2017-11-29 12:33:41
Бизде закон иштебейт контроль жок так что эки саатан кийин уйундо болот ушу бала ал дагы бир чондун тууганы болсо керек аркасындакы адамына ишенгендиктен ортонку бармагын корсотатда
+2
Isco23
2017-11-29 16:24:19
Полева болуптур да бечара
0
aralbek
2017-11-29 21:40:04
Законго таяп катуууу атыштырып койсонор сураныч силерден ушундай копкондор жадатты
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан