"Таштандыга толуп калган..." Бишкектин мэриясы "Ош базарынын" айланасын иретке келтире баштады (видео)

Бишкекте "Ош базары" соода борборунун аймагын көрктөндүрүү, башаламан соода жайларын тазалоо жана жашылдандыруу боюнча иштер башталды. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, иштер мэр Айбек Жунушалиевдин жеке тапшырмасы менен жүрүп жатат.
"Бүгүнкү күндө Токтогул жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде башаламан соодадан ыктыярдуу түрдө жолдун бөлүгүн тазалоо иштери жүрүп жатат. Мындан бир жума мурун муниципалдык инспекция соодагерлерге 344 эскертүү берген.
Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан жеңил курулуштарды жана объектилерди бузуу боюнча 50 эскертүү берилген. Жеринде мыйзамсыз орнотулган 13 соода күркөсү алынган", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, тийиштүү кызматтарга өз милдеттери боюнча тапшырмалар берилип, эр жеке көзөмөлүнө алган. Ал эми «Ош базары» соода комплексинин ичинде жашылча-жемиштерди сатуу үчүн 72, сүт азыктарын сатуучу аянтта 7 бош орун бар.
Бишкектин мэриясы Ош базарыннын айланасын иретке келтирүүгө киришти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан