Айтылуу төкмө акын Элмирбек Иманалиев жана ырчы Гүлбү Орозкул кызынын экинчи кызы Сезим Иманалиева турмушка чыкканы буга чейин маалымдалган. Ал эми бүгүн, 13-августта Элмирбек Иманалиевдин күйөө баласы Мирзат Муканов бул тууралуу жеке баракчасына билдирүү калтырды. Ал балдызы Сезим менен күйөө баласы Бексултанга бакыт тилеп, алардын курган чакан мамлекетинин пайдубалы бекем болушун каалаган.
"Сезимибизди турмушка узаттык. Улуулардын кеп-кеңешин алып, мурдатан макулдашылган убакытты кийинкиге калтырбастан, жакшылыкка үмүт кылып, кызыбыздын жолун буубай, өз бүлөөсүнө тапшырдык. Ала-Тоодой эт кылып, Ала-Көлдөй чык кылып, той бериштен жеңил нерсе жок, бүгүнкү "пулуң болсо, кулуңмун" деп турган заманда. Бирок шартка жараша, эң жакындардын коштоосунда гана бата алдык.
Куда-кудагый абдан сонун кишилер экен. Тойдун эртеси эле Өзгөнгө үйүнө барып, сыйын да көрүп келдик. Эми Сезимим менен Бексултаныма кааларым - кем болбогула, кармашкан колуңар үзүлбөсүн, тукумуңар көбөйсүн! Айзуура экөөбүз силер үчүн ар дайым колубуздан келгенин аянбайбыз. Сезим Иманалиева Жажапэй, мен сага ар дайым айтам, сен баактылуу болууга татыктуусуң! Болбой эле көрчү, токмок жейсиң! Бизге моралдык колдоо көрсөтүп, кашыбызда болгон жакындарыбызга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Жакшы сөз арнагандарга ыраазыбыз", - деп жазган Муканов.
Ага улай турмушка чыккан Сезим Иманалиеванын эжеси Айзуура Иманалиева да сиңдисине бакыт каалаган. Ал жакшылыкка ата-энеси күбө болбогонуна ичи тызылдап турганын билдирген.
"Бул күнү ичим тызылдап, ошол эле учурда кубанычым койнума батпай турду. Кичинекей жөжөм экөөбүз 22 жыл ичинде 1 жылча эле бөлөк жашаптырбыз. Бул убакыттын ичинде эже эле эмес, курбусу, тилекке каршы энеси да болдум.
Мирзат экөөбүз тойдун камын көрүп жатып, "жаныбызда ата-энебиз болуп, биз жөн гана жардам берип чуркасак эмне эле деп ыйлап алып, кайра жакшылык үчүн чуркап жүрөбүз да, бул дагы кандай бакыт" деп бири-бирибизди сооротуп жаттык. Тагдыр экен... Баш ийбеске айла жок...
Алардын тигил жактан карап, күч-кубат бергени сезилип турду. Бизге тапшырылган аманатты аткардык, асылдарыбыз, тынч уктагыла.....
Боорукер, ыймандуу, акылдуу, сезимтал Сезимимди мага сиңди кылып жараткан кудайыма, аны таап берген ата-энеме ыраазымын.
Сен бактылуу болууга милдеттүүсүң, жөжөм! Бул эки жарым жылдан берки тыйылбаган көз жаштар бүтсүн! Күлкүң жүзүңдөн кетпесин! Атабыз менен апабыздын арбагы ыраазы болсун! Ошолордун атын өчүрбөй мыкты тукумдарды тарбиялайлы!".